Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 01.05.2019 21:52

Ысык-Атада «Сары-Өзөн чолпондору» сынагынын тандоо туру өттү

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунда «Сары-Өзөн» чолпондору кароо-сынагынын тандоо туру болуп өттү. Алгачкы турга 3700 өнөрлүү балдар катышып, 900 бала сынакка кабыл алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакта ырдоо, бийлөө, комуз чертүү, ооз комуз ойноо жана башка тапшырмалары боюнча жаш таланттар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Сынакка райондогу бардык мектептерден жана 12 бала бакчадан таланттуу балдар тандалган. Иш-чараны райондун акими Байыш Курманов ачып, «Сары-Өзөн чолпондору» кароо-сынагына катышып жаткан жаш таланттууларга каалоо-тилектерин билдирди.

Финалдын жыйынтыгы 1-июнь — Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүндө белгилүү болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×