Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 29.04.2019 19:00 На русском

Сүрөт: Азия чемпионатында коло медаль тагынган Ойбек Насировду салтанаттуу тосуп алышты

Ойбек Насиров
Ойбек Насиров

Turmush -  Бүгүн, 29-апрель күнү «Ош» эл аралык аэропортунда Кытай Эл Республикасында эркин күрөш боюнча өткөн Азия чемпионатында коло медаль тагынган Ойбек Насировду салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Спортчунун машыктыруучусу Мухамадали Обидовдун айтымында, Кытайдагы ийгилик Ойбек Насировдун 18 жылдан берки эң чоң жеңиши.

«Ойбек 2-3-классынан бери эркин күрөш менен машыгып келет. Бул анын Азия чемпионатындагы эң чоң жеңиши. 30 жашка чыкса да спорттун бул түрү боюнча ийгиликке жетсе боло турганын далилдеди. Мелдеш 23-28-апрель күндөрү Кытайдын Сиань шаарында өткөн. Ойбек Насиров 79 килограмм салмак категориясында күрөшкөн. Коло медаль үчүн беттеште Кытай Эл Республикасынын спортчусу Зепинг Линди утуп алды», - деди Мухамадали Обидов.

Ойбек Насировду тосуп алууга анын ата-энеси, туугандары, достору, ошондой эле шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү катышкан. Алар спортчуга ак калпак жана чепкен кийгизишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×