Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.04.2019 15:37

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун планы 575,5 млн сом менен бекиди

Turmush -  Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясында 2019-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча байкоочу кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынга фонддун директору Тойгоналиев Алдаярбек Станбекович жана байкоочу кенештин мүчөлөрү катышкан. Жыйындын жүрүшүндө фонддун ишмердүүлүгү, бекитилген пландын аткарылышы, өткөрүлгөн тендерлер, курулуп жаткан жана ишке берилген курулуш объектилери талкууланды.

2019-жылга карата Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунун байкоочу кеңеши тарабынан бекитилген план 575,5 млн сомду түзгөн. Бул акча каражатка 2018-жылдын планынан калдык 124,4 млн сом акча каражаты кирет. 2019-жылдын январь-март айларына карата «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасы тарабынан Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна 142,4 млн сомдун тегерегинде акча каражаты которулду.

Фонддун директору Алдаярбек Тойгоналиев курулуп жаткан объектилердин сапатына жана коопсуздугуна тыкыр көнүл бөлүп, курулуш компаниялардын өкүлдөрүнө келишимдеги милдеттерин так аткаруу талаптары коюлгандыгын баса белгиледи. Ошондой эле фонд тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу зарыл экенин кошумчалады. Айрыкча социалдык, маданий, спорттук объектилердин курулушу, айыл чарба багытындагы техникаларын сатып алуу жана айыл-аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалышы керектигин айтып өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×