Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Нарын облусуАт-Башы району 23.04.2019 12:28

Эгиздер: Жазгүл менен Жаңыл төрөлгөндө ата-энеси 3 бөлмөлүү батирлүү болушкан (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын 42 жаштагы тургуну Жылдыз Сапакунова өзүнүн Жазгүл жана Жаңыл аттуу эгиз сиңдилери тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Өзүнүн айтымында, эгиз сиңдилери Нарын шаарында 1984-жылы төрөлүшкөн.

«Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Мен улуусу, менден кийин Кундуз деген сиңдим, анан Жазгүл жана Жаңыл аттуу эгиздер бар. Апам кош бойлуу кезинде эгиз төрөрүн билбептир. Ал убакта аймакта УЗИ болгон эмес. Качан гана төрөт үйүнө барып, көз жарганда билиптир. Эгиз сиңдилерим төрөлгөндө мен 7 жашта болчумун. Жакындарыбыз, бир туугандар абдан сүйүнүшкөн. Эгиздер төрөлгөндө өкмөт Нарын шаарындагы Москва кичи районунан 3 бөлмөлүү батир берген. Ал күн биз үчүн чоң майрам болгон. Сиңдилериме ысымды таенем койгон.

Эсимде, эгиздер төрөлгөндө Нурлан деген таякем «жалаң кыздар болгон турбайсыңарбы» деп аябай күлгөн эле. Кийин өзү үйлөнүп, удаа үч кыздуу болду. Азыр биз дагы тамашалап: «Эжеңиз төрт кыздуу болгондо күлбөш керек болчу» деп айтып калабыз», - дейт эгиздердин эжеси.

Анын айтымында, эгиз сиңдилеринин мүнөзү эки башка.

«Бири сары, экинчиси кара тору болгондуктан аларды бат эле айырмалачубуз. Кичинекейинде экөөнү тең окшош кийинтчүбүз. Мүнөзү эки башка, Жазгүл ачык-айрым болсо, Жаңыл уялчаак, бирок экөө тең абдан боорукер. Дайыма бири-бирине болушуп турушат.

Атам жаңы кийимдерди алып келгенде сөзсүз Жазгүл биринчи тандап алчу, андан калгандарын Жаңыл алчу эле. Экөө тең мектепте жакшы окушту. Кийин эки башка жогорку окуу жайдан билим алышты», - дейт Ж.Сапакунова.

Ал белгилегендей, учурда эгиздердин бири көп балалуу эне болсо, экинчиси мугалим болуп эмгектенет.

«Учурда Жаңыл Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында мугалим болуп эмгектенет, ал эми Жазгүл көп балалуу эне болуп, үй кожойкеси. Экөө тең Ат-Башыга келин болушту.

Жазгүлдүн эки кызы, эки уулу бар. Жаңыл болсо эки уулдун энеси. Экөөнүн тең максаттары окшош. Алар балдарга туура тарбия берип, билимдүү, ыймандуу, иштерман, чынчыл инсандарды чоңойтсок дешет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×