Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 22.04.2019 20:09

Ошто 150 орундуу оорукана президент С.Жээнбековдун катышуусунда ачылды (сүрөт, видео)

Turmush -  Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жаңы имараты президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда пайдаланууга берилди. Бүгүн, 22-апрелдеги иш-чарага Turmush басылмасынын кабарчысы да күбө болду.

«Бүгүн Ош шаардык клиникалык оорукананын жаңы заманбап комплексин ачып жатабыз. Бул оорукана биздин региондогу жарандарга чет өлкөгө дарыланууга чыкпай эле жогорку сапаттагы ар тараптуу, кеңири багыттагы медициналык кызмат көрсөтөт», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ак-Тилек кичи районунда жайгашкан 150 орундуу оорукананын кызыл тасмасын кесүү аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, шаардагы мекеме-ишканалардын башчылары да катышты.

3 имараттан турган оорукананын курулушу 2016-жылы ноябрда башталган. Анда 200гө жакын жумушчу эмгектенип, алардын жарымы кытайлык куруучулар жана жарымы жергиликтүүлөр болгон.

Медициналык мекеме акыркы үлгүдөгү жабдуулар, эмеректер менен камсыздалды. Комплекстин жалпы аянты 25 миң чарчы метр болсо, курулуштун аянты 12,5 миң чарчы метрди түзөт. Негизинен имаратта амбулатордук, стационардык бөлүмдөр, илимий-изилдөө кеңсеси жана көмөкчү бөлмөлөр жайгашкан. Оорукана 150 орунга ылайыкташтырылганы менен 200 бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Бейтапкана Кытайдын гранттык каражатынын эсебинен курулуп, заманбап жабдуулар менен камсыз болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×