Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 22.04.2019 16:30

Келечекте санариптик экономика өнүгөт, - президент С.Жээнбеков (сүрөт, видео)

«Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форуму
«Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форуму

Turmush -  Бүгүн, 22-апрель күнү Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: Региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форуму өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, бир катар акимдер, айыл өкмөт башчылары жана Кыргызстандагы телекоммуникациялык компаниялардын өкүлдөрү катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Форумда келечекте аймактарды санариптештирүү багытында кайсы система менен санариптик экономиканы өнүктүрүүгө болоору, долбоорго кайсы телекоммуникациялык компаниялар тартылгандыгы айтылды.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү жаатында иштер кечеңдетилбей, жер-жерлердеги бийлик өкүлдөрү алгылыктуу кадамдарды жасашы керек экенин белгиледи.

«Санариптештирүү процесси токтоосуз ишке ашчу процесс. Ал бизди күтүп отурбайт. Бүгүн дүйнөдөгү калктын жарымы интернетке кошулган. Келечекте санариптик экономика активдүү өнүгөт. Ал дүйнө жүзүндө инновациялардын жана экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы болуп калат. Азыр санариптештирүүнүн инструменттери толук колдонулбай, кызмат көрсөтүү, документ жүгүртүү негизинен кагаз түрүндө болууда», - деди өлкө башчысы.

Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев санариптештирүүгө жергиликтүү бийликтин күчү дагы, мүмкүнчүлүктөрү да бар экенин, ага мисал катары Баткен облусундагы Жаңы-Жер жана Кулунду айыл өкмөттөрү бирдиктүү терезе принцибинде жарандарга маалымат берип жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×