Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 22.04.2019 15:20 На русском

Ысык-Атада 29 жаштагы Жазгүл Аманбек кызы жылдын мыкты мугалими деп табылды

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ч.Айтматов атындагы Ивановка №1 мектеп-гимназиясында «Жыл мугалими-2019 сынагы» өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин мугалимдери билдиришти.

«Сынак учурунда мектептин чыгармачыл тобу уюштурган концерттик программа тартууланды. Сыйлоо аземинде районубуздун жаңы дайындалган акими Байыш Курманов куттуктоо сөзүн айтып, жеңүүчүлөргө ардак грамоталарын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды. Сынак 3 күнгө созулду. 1-күнү сынактын ачылышы, презентация, тестирлөө болсо, 2-күнү сабак, 3-күнү жабылышы болду», - деди алар.

Аталган сынакка жалпы 13 мектептен 14 мугалим катышкан. Алардын ичинен жылдын мыкты мугалими болуп К.Жакыпов атындагы орто мектебинин мугалими, 1990-жылы Нарында төрөлгөн Аманбек кызы Жазгүл табылса, 2-орунду Кеңеш орто мектебинин мугалими Алтынай Кожалиева, 3-орунду Ленин атындагы орто мектебинин мугалими Гүлнур Орозбекова, Кант №4 орто мектебинин мугалими Рахат Алиева жеңип алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×