Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 22.04.2019 14:48 На русском

Кувакы ашуусунда Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршы чыккандар чогулду (видео)

Turmush -  Бүгүн, 22-апрелде Боом капчыгайындагы Кувакы ашуусунда ондогон адамдар чогулду. Бул тууралуу активисттердин бири Акжолтой Тукунов билдирди.

Анын айтымында, ал жерге Тоң районундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы болгон 300-400дөй адам чогулду. Алар облустун ар кайсыл райондорунан келишкен.

Алар Тоң районунун Таш-Булак участкасында уран кени бар жерге кетишти.

Буга чейин 20-апрелде Тоң районунун Таш-Булак участкасында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинин зыяндуулугун текшерүүгө атайын өкмөттөн түзүлгөн комиссия келгени маалымдалган.

Ошол жерге уран кенин иштетүүгө каршы болгон айрым тургундар дагы чогулуп, түшүнбөстүктөр жаралгандан улам кайым айтышуу орун алган.

Жыйынтыгында атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын өкүлдөрү элге туура эмес маалымат жетип жаткандыктан түшүнбөстүктөр болуп жатканын айтып, нааразы болгон тургундардын суроолоруна жооп беришкен. Андан кийин аларды да комиссиянын курамына кирип, биргеликте иш алып барууга чакырышкан.

Ал эми «Ысык-Көлдө уран кенин казууга каршыбыз!» аталышындагы петицияга сутка ичинде 10 миңден ашуун жаран кошулуп, учурда алардын саны өсүп жаткандыгы маалымдалган.

Автор Алена Хоменконун айтымында, бул казуу иштери жер астындагы жана жер үстүндөгү сууларга таасирин тийгизет.

«Уран казылган аймактарды баштапкы же жакынкы абалына алып келүүнүн баасы бештен баштап он долбоорго чейин тургандыгын статистика айтып жатат. Эгерде уран кени казылып алына турган болсо мамлекет миллиарддаган каражат пайда көрөт. Бирок аймакты калыбына келтириш үчүн беш миллиарддан он миллиардга чейин акча керектелет. Ошондой эле убакыт. Мындан тышкары бул туристтик зона экендигин унутпоо керек. Коркунучтуу өндүрүш тууралуу сөз болуп жаткандыктан, казуу иштери жүргүзүлө турган жерди коопсуздук зона кылууга туура келет», - деп айтылат петициянын текстинде.

1

Кызыл-Омпол уран-торианит чачыранды кендери Балыкчы шаарынан 35 чакырым аралыктагы жана Тоң районуна караган Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн аймагында (Көк-Мойнок-1, Көк-Мойнок-2) Кызыл-Омпол тоолорунун түштүк боорунда жайгашкан.

Таш-Булак уран кенин казуу боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын курамына:

- А.Рыспеков — Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директорунун орун басары;

- Артыкбаев — Мамэкотехинспекциянын өкүлү;

- Д.Арпачиев — Тоң районунун акими;

- М.Өмүров — Мамэкотехинспекциянын өкүлү;

- Сарыбаев — экперт;

- Турдумамбетова — Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис;

- А.Жанузаков — көз карандысыз эксперт;

- И.Айдаров — «Юр-Азия» компаниясынын аткаруучу директору кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×