Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 22.04.2019 18:21 Жаңыланды: 02.05.2019 20:21 На русском

Айыл турмушу: 300 сом менен бизнес түптөгөн Т.Рахматиллаев (видео, сүрөт)

Таабалды Рахматиллаев
Таабалды Рахматиллаев

Turmush -  Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы айылынын 68 жаштагы тургуну Таабалды Рахматиллаев 29 жылдан бери бал аары багып келет. Ошондой эле негизги кесиби сүрөтчү болгондуктан, жаратылыштын сүрөттөрүн жана айылдагы таасирдүү аксакалдардын портретин тарткан. Учурда фотоаппаратка тарткан сүрөттөрүн кагазга чыгарып, сактайт. Ишкерлик менен бирге өнөрүн айкалыштырып жүргөн Таабалды мырза менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Фрунзе шаарында (Бишкек) Чуйков атындагы сүрөт институтунда окуган. Бал аарысын 1990-жылдан бери багып келет.

«Сары-моголдук (Сары-Могол — Алай районундагы айыл) бир бала Чүйгө көчүп жатканда мага бал аарысынын 6 кутусун 50 сомдон саткан. Ал убакта 50 сомдун миң сомдой күчү бар болчу. 300 сомду араң таап бергем. Аарыларды көбөйтүү, багуу боюнча ошол бала кичине кеңешин айтып кеткен. Аарынын "орто орус" (среднерусская пчела), "карпатка", "кавказ" деген түрлөрүн багам. Учурда 100 кутум болсо, анын ар биринде 50-60 миңдей аары бар. Бир жолу кар жаап жатканда кутулардын бетин жаап койсом, кыш узак болуп аарылар тумчугуп өлүп калышкан. Чоң-Алай районунда аары баккандардын көбү кышында кутуларын Ош шаарына алып барып коюшат. Мен баккан аарылардын түрү суукка чыдамдуу болгондуктан, ушул жерде (Чоң-Алайда) багылат. Аарылар жазында, кеч күздө анча чагышпайт. Бал топтоо маалында инстинкт боюнча балын коргоп, катуу чагат. Аарылар суу ташуучу, коргоочу, бал чогултуучу болуп бөлүнүшөт жана ар биринин кызматы бар», - дейт Таабалды Рахматиллаев.

Ал жылына 3 тонна бал чогултат. Анын көбүн кардарлар дүң баада сатып алышып, Бишкекке алып кетишет. Т.Рахматиллаев аарылардын кутуларын жакшы сактаса көп жылга пайдаланууга болоорун айтат. Ал куту жасап жатып, колунун үч манжасын жарымынан кестирип алган.

Таабалды атанын жубайынын айтымында, жолдошу бардык түйшүккө кайыл болуп, аары багып келет. Ошондой эле 78 жаштагы чоң энесинин май боёк менен тарткан сүрөтү 50 жылдан бери сакталып турат.

«Айылдагы таасирдүү аксакалдардын фотосүрөттөрүн таап, аларды калем менен кагазга тартып, көчүрмөсүн балдарына бергем. Китепканам менен иш бөлмөм бар. Ал жерде жарым тоннадай китебим сакталуу. Орус тили боюнча дагы жогорку билим алгам. Айылдын ар мезгилдеги сулуулугун — кар баскан, жаз келген убактагы сүрөттөрүн фотоаппаратка тартып, А4 форматындагы кагаздарга чыгарып, сактайм», - дейт Таабалды Рахматиллаев.

Ал багбанчылык менен да алектенип, короосуна карагат, малина тиккен. Алманын жаңы түрлөрүн өстүрүп көргөндү жактырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×