Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Чүй облусуПанфилов району 22.04.2019 11:12 На русском

Унаа алдында калып, андан соң арыкка ыргытылган Н.Камчыбеков бутундагы темирин алдырды

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Күрпүлдөк айылынын 39 жаштагы тургуну Нурлан Камчыбеков 2016-жылы жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага жеткирилгенин буга чейин Turmush басылмасы жазган. Анда операциясына жардам керек болуп жатканы кабарланган. Андан соң демөөрчүлөр табылып, Нурлан Камчыбековго операция жасалып, бутундагы темир алынды.

«Демөөрчүнүн жардамы менен операция жасалып, бутумдагы темир алынды. Азыр ооруканадамын. Операция бир жума мурун болду. Операцияма 38 миң сомдун тегерегиндеги каражат сарпталды. Эми 5-6 айдан кийин жамбашыма операция жасатышым керек», - деди ал.

Өзүнүн айтымында, түн ичинде сүзүп кеткен автоунаанын айдоочусу Нурланды арыктын ичине ыргытып, андан кийин изин жашырган. Таӊга маал аны уй кайтаргандар таап алышкан. Ал эми айдоочу жана анын жанындагылар ушул мезгилге чейин изделип, табылбай келет.

«2016-жылы жол кырсыгына кабылдым. Түн ичинде ак түстөгү автоунаа коюп кетип, ичиндегилер жардам берүүнүн ордуна мени арыкты көздөй ыргытып кетишкен. Эртеӊ менен уй жайгандар көрүп калышып, тез жардам чакыртышкан экен. Анда мен ооруканага оор абалда баргам. Кан басымым түшүп калган экен. Тактап айтканда өлүм алдында жатып, 2 ай кыйналдым. Кудайым колдоп, бир аздан жакшы болуп, бир жыл төшөктө жаттым. Экинчи жылы майыптардын арабасына отурдум. Эми быйыл кудайга шүгүр, таяк менен басып калдым» - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×