Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 21.04.2019 11:32 На русском

Самбо, дзюдо, жеңил атлетика менен машыккан Баян — Ысык-Көлдүн эң сулуу милиционери (сүрөт)

Turmush -  «Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — милициянын ага лейтенанты Баян Рысбекова. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1992-жылы Түп районунун Кең-Суу айлында туулган. Ал Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицей интернатын аяктаган. Андан кийин 2010-жылы Кыргыз–Түрк «Манас» университетине тапшырып, ал жерде окуп жүргөндө ИИМ академиясына тапшырган.

«Атам аскер адамы. Өмүр бою Куралдуу күчтөрдө кызмат кылып, ардактуу эс алууга чыккан. Кичинекей кезимде мен дагы милиционер болом дечүмүн. Анан ИИМдин академиясына тапшырып, өтүп кеттим. Буга байланыштуу университеттен өз каалоом менен кеттим», - дейт ал.

Баян курсант кезинде эле коомдук иштерге активдүү катышып, ар кандай сынак жана мелдештерде жеңүүчү аталган. Ал жетишкендиктери үчүн милициянын генерал-майору Э.Алиевдин стипендиясын алган.

«Окуп жүргөн кезимен бери самбо, дзюдо жана жеңил атлетика менен машыгам. Студент кезимде мелдештерде ИИМ академиясынын намысын коргоого жетишип, полковник Шайбек Жумашевдин тарбиясынын аркасында «Жылдын мыкты спортчусу-2015» наамын алгам», - дейт ал.

Анын айтымында, ал 2010-жылы Каракол шаарынан «Спорттун чебери» наамына талапкер болгон. Окуусун 2016-жылы аяктап, ошондон бери Каракол ШИИБде өспүрүмдөр менен иштөө инспектору болуп эмгектенип келет. Быйыл Ысык-Көл ОИИБде иштеген 30 жашка чейинки айымдар арасында өткөн кызматтык көп түрдүүлүк боюнча биринчиликте 1-орунду, республикалык мелдеште 2-орунду багындырган. Ошондой эле, «Погончон сулуу» сынагында облуста 1-орунду ээлеген.

«Ошол учурда мен Бишкек шаарында кызматкерлердин тажрыйбасын жогорулатуу боюнча окууда элем. Анан жетекчилик мага телефон чалып, биринчи күнү боло турган сынакка катыш деди. Мен ишемби күнү Караколго келип, жекшемби күнү даярданып, эртеси сынакты жеңип алдым. Анда самбо боюнча ар кандай ыкмаларды көрсөтүп, бийлеп, кыргыз улуттук кийимин жактадым. Учурда сынактын республикалык туруна даярданып жатам», - дейт погончон айым.

Б.Рысбекова үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу, эки иниси дагы аскер адамы. Баян жеңил атлетика боюнча «Спорттун чебери» наамына талапкер. Дзюдо боюнча бир нече мелдештердин жеңүүчүсү. Ошондой эле, көп түрдүүлүк боюнча облустун чемпиону аталган. Учурда бойдок, татыктуу инсан менен үй-бүлө куруу тилеги бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×