Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТоң району 20.04.2019 21:29 На русском

Ысык-Көлдө уран кенине келген комиссия менен тургундар кайым айтыша кетти (видео)

Turmush -  Бүгүн, 20-апрелде Тоң районунун Таш-Булак участкасында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинин зыяндуулугун текшерүүгө атайын өкмөттөн түзүлгөн комиссия келди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, ошол жерге уран кенин иштетүүгө каршы болгон айрым тургундар келип, түшүнбөстүктөр жаралып, кайым айтышуу орун алды.

Жыйынтыгында атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын өкүлдөрү элге туура эмес маалымат жетип жаткандыктан түшүнбөстүктөр болуп жатканын айтып, нааразы болгон тургундардын суроолоруна жооп беришти. Андан кийин аларды да комиссиянын курамына кирип, биргеликте иш алып барууга чакырышты.

Атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия уран казылып жаткан жерде ишин баштады. Алардын айтымында, түзүлгөн комиссия жыйынтыгын тезирек чыгарууга аракет кылышарын айтышты. Мындан сырткары, алар каалоочулар комиссияга мүчө боло алышарын айтышты.

Таш-Булак уран кенин казуу боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын курамына:

- А.Рыспеков — Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директорунун орун басары;

- Артыкбаев — Мамэкотехинспекциянын өкүлү;

- Д.Арпачиев — Тоң районун акими;

- М.Өмүров — Мамэкотехинспекциянын өкүлү;

- Сарыбаев — экперт;

- Турдумамбетова — Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис;

- А.Жанузаков — көз карандысыз эксперт;

- И.Айдаров — «Юр-Азия» компаниясынын аткаруучу директору кирген.

Буга чейин маалымдалгандай, 26-мартта Балыкчы шаарынын мэриясынын имаратынын алдына жергиликтүү тургундар чогулуп, алар Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл өкмөтүндөгү Таш-Булак уран чачынды кенин казууга нааразы экенин билдиришкен.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Балыкчы шаарында тынчтык чогулушу өткөрүлүп, анда катышуучулар Көк-Мойнок 1, Көк-Мойнок 2, Орто-Токой, Ак-Өлөң, Таш-Сарай, Оттук, Кара-Шаар, Кара-Талаа айылдарынын жана Балыкчы шаарынын тургундарынын атынан президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылуу жолдошкон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×