Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 20.04.2019 13:07

Түп айылында 2,6 млн сомго кичи футбол аянтчасы ачылды

Turmush -  Түп районунун Түп айылында кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди.

Айыл өкмөт башчысы А.Алманбетовдун маалыматына караганда, курулуш иштерине Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан 2 млн 600 миң сом бөлүнгөн.

«Кичи футболдун тасмасын кесүүгө Ысык-Көл облустук ыйгарымдуу укуктуу өкүлдүн орун басары Э.Усенова, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.Жантаев, Түп айылдык кеңешинин төрагасы Б.Умралиев, «Каркыра» райондук өнүктүрүү фондусунун жетекчиси А.Молдобаев баш болгон аксакалдар, спорттун ардагерлери катышты жана ошондой эле куттуктоо сөздөрүн, каалоо-тилектерин айтышты.

Кичи футбол аянтынын ачылыш урматына байге фондусу 56 миң сом болгон мелдеш башталып, турнирди Э.Жантаев ачып берди. Ага район боюнча 18 команда катышып, оюн уланууда», - деди Түп райондук спорт комитетинин инструктору А.Абдыманбетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×