Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусу, Ош 20.04.2019 12:37 На русском

Ош—Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Килемге сүрөтү түшүрүлгөн президенттер

Turmush -  Бүгүн, 20-апрелде өтүп жаткан «Ош—Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чараларынын алкагында кол өнөрчүлөрдүн эмгектери да көргөзмөгө коюлду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, чет өлкөлөрдөн келген конокторго кыргыздын улуттук баалуулуктары болгон баш кийим, чапан, сокмо, курак сыяктуу колго жасалган буюмдар көрсөтүлүүдө.

Чебер айым Канымбү Асанакунованын эмгектери да көргөзмөдөн орун алды. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин жана Сүймөнкүл Чокморов, Бүбүсара Бейшеналиева сыяктуу залкар инсандардын сүрөттөрүн килемге үшүргөн.

«Портрет тартуу оңой эмес. Ал эми порттретти килемге түшүрүү мүшкүл иш. Бир чарчы метр килемге сүрөт тартуу 2-3 айлык эмгекти талап кылат. Колго согулган килемдер жакшы бааланат. Учурда бир килемдин баасы 2 миң сомдон 10 миң сомго чейин көлөмүнө жараша бааланууда», - деди К. Асанакунова.

Ноокаттык уз Жамийла Таштемирова Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын башчысы Саид Баюминин сүрөтүн килемге түшүрүп, ажылыкка жолдомо алганын айтты.
Көргөзмөгө Ош облусундагы кол өнөрчүлөр, жыгач, темир уста, зергерлер, уздар катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×