Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 20.04.2019 10:44

И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери менен жолугушту (сүрөт)

Turmush -  Ишеналы Арабаев атындагы университеттин окутуучулары Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери менен жолугушту. Жолугушуу Кыргыз-Өзбек университетинде өтүп, анда И.Арабаев университетинен келген делегация менен студенттер жакындан таанышып, илим жактоо боюнча маалымат алышты.

И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу Миргүл Эсенгулова, педагогика илимдеринин доктору, профессор Айчүрөк Калдыбаева, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Елиза Нусубалиева баштаган 14 адамдан турган делегация окуу жайдагы илимге кызыккан студенттер жана илимий даражасын жогорулатууну максат кылган окутуучулар менен диссертацияны кантип жазуу керектиги, педагогикалык теманы жактоо, диссертациялык темалардын бекитилиши жана жетекчи тандоо тууралуу ойлорун бөлүшүп, суроолорго жооп беришти.

Мындан сырткары Бишкек шаарынан келген окутуучулук курам окуу жайдагы 500 орундуу жыйындар залынын курулушу менен таанышышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×