Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусу, Талас 19.04.2019 14:15

Таласта жаш балдарга тапанча такап коркуткан «Куудулдун» иши шаардык сотто каралмак болду

Turmush -  14-февралдан 15-февралга караган түнү Талас шаарында башкаларга тапанча такап, «атып салам» деп коркутууга шектелген 1982-жылы туулган Н.С.нын (каймана аты «Куудул») иши Талас шаардык сотуна өттү.

Талас облустук сотунан билдиришкендей, тергөө мөөнөтү аяктады. Аталган адамдын кылмыш иши 2-апрель күнү Талас шаардык сотуна Жазык кодексинин 253-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен өттү.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Талас ОИИБден 14-февралдан 15-февралга караган түнү Талас шаарында башкаларга тапанча такап, «атып салам» деп коркутууга шектелген адам кармалганын кабарлашкан.

Маалыматка караганда, түнкү саат 01:30 чамасында Талас шаарынын тургуну милиция кызматкерлерине телефон чалган. Ал автобекет тарапта мас адам тапанча менен жаш балдарды аткылап жүрөт деп билдирген. Ыкчам топ аталган дарекке барып, текшерүү жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө окуя болгон жерден «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча менен адамдарды коркуткан шектүү кармалган. Кармалган адам Талас шаарынын 1982-жылы туулган тургуну С.Н. экендиги такталды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгы (каймана аты «Куудул») да аныкталган.

Көп узабай ал «атып салам» деп коркутту деген адамдар арыз жазышкан. Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган болчу.

Андан кийин:

27-февралда «Куудул» сот тарабынан 1 айга камакта калтырылганы белгилүү болгон.

Сотто тергөөчү тарабынан тез тамактануучу жайдын ээси Н.А. жабырлануучу катары табылган. Ал өз кезегинде тосмо арыз жазып бергендигин билдирген. Окуяга күбө болгондор ал 14-февралда түндө тез тамактануучу жайга биринчи бычак менен киргендигин билдиришкен. Андан кийин ал жердеги 2 баланы коркутуп, анан гана октолгон тапанчаны алып чыккан. Бирок шектүүнү милиция кармаган учурда бычагы табылбаганы айтылган.

Шектүү өзү ал күнү мас абалда болгонун, тапанчаны кайдан алганын билбей калганын айтып, үй камагына чыгарууну суранган. Ал буга чейин Талас шаардык соту тарабынан камакка алынган. Анын жактоочусу Талас облустук сотуна кайра арыз жазып, ишти кайра карап берүүнү өтүнгөн. Соттук отурумда шектүүнүн кош бойлуу жубайы жана кичинекей 2 баласы бар экендиги белгиленип, үй камагына бошотууну суранышкан.

Прокуратура ал коркуткан 2 баланын бири 18 жашка чыга элек өспүрүм болгондугун, шектүү үй камагына чыгарылса качып кетиши мүмкүндүгүн билдирген. Жыйынтыгында Талас облустук соту Талас шаардык сотунун чечимин өзгөртпөй, шектүү камакта калтырылган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×