Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
19.04.2019 14:14

Таш-Булак уран кенин казып жаткан ишкана тарабынан зыян келтирилген факт каттала элек

Turmush -  Таш-Булак уран кенин казып жаткан ишкана тарабынан зыян келтирилген факт каттала элек.

«Уран кенин казып жаткан ишкана тарабынан зыян келтирилгендиги тууралуу бир дагы факт каттала элек жана катталбайт дагы. Коомчулукту бирөөлөр атайлап – ар кандай ушак, жалган маалымат таркатып козутуп жатышат. Биздин ишмердүүлүгүбүз экологияга эч кандай зыян алып келбейт. Кендин айласындагы экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча жоопкерчиликти толук мойнубузга алабыз. Биз ак иштегибиз келет. Ишибизге көзөмөл кылып, текшерүү жүргүзүүнү каалаган бардык тараптар менен кызматташууга даярбыз», - дейт Борбор Азия уран компаниясынын акционерлер өкүлү Андрей Акимов.

Ал мындай оюн Таш-Булак уран кени боюнча социалдык тармактарда таратылып жаткан ар кыл ушак-айың кептер тууралуу комментарий берип жатып билдирди. Анын айтымында, пайда издеген топ тарабынан атайын ушак, жалган маалымат таратылып, элди дүрбөлөңгө салып жатышат.

«Алардын чыныгы максаты — элди козутуп, бизди шантаж кылуу, анын аркасынан пайда табуу. Ал үчүн тир укмуш имиштерди таратып келишет. Башында “мал суу ичпей калды, малыбыз кырылып жатат” деген имиштерди таратышкан. Кендин айланасындагы агын суулардын баарын текшерткенбиз. Бардыгы табигий нормада экени аныкталган. Атайын мал айдап барып, сугарып дагы көрдүк. Мал жакшынакай эле суу ичип жатат. Андан соң, кенден радиацияны шамал айдап, айылдарды аралап, Ысык-Көлгө зыян келтирет дешти. Мамлекеттик органдар, көз карандысыз адистер болбогон кеп экенин, андай такыр мүмкүн эместигин далилдеп беришти. Эми минтип, биздин ишмердүүлүгүбүздөн улам райондо “чупакабра” чыгыптыр деп элди коркутуп жатышат. Бул болбогон кеп, ушактын дагы чеги болот», - деди ишкана өкүлдөрү.

Жакында эле кендин ишин ведомстволор аралык атайын комиссия тыкыр текшерип чыкты. Комиссия курамына мамлекеттик органдардан сырткары жарандык активисттер, көз карандысыз эксперттер, экологдор, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү киришкен. Алар жеринде өз көздөрү менен көрүп, текшерип, эч кандай зыян алып келүүчү жагдай жок экенине ынанышты. Радиация боюнча көрсөткүчтөр дагы бул аймактын табигий нормасынын чегинде экенин аныкташты.

«Жакында Сочи шаарында "Атомэкспо" аталыштагы XI эл аралык форум өтту. Ага дүйнөнүн 74 өлкөсүнөн өкүлдөр катышты. Форумда атомдук тармактагы коопсуздукту камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Азыркы заманда атом өндүрүшүсүз жашоону элестетүү кыйын – рентгенден баштап атом электрстанцияларына чейин иштетилип келет. Азыр атом энергиясы экологиялык зыянсыз. Биз дагы ушундай заманбап технологияларды колдонобуз. Таш-Булакта кен казууда экологиялык таза — “жашыл” ыкмасы колдонулат. Эч кандай жардыруу иштери жүргүзүлбөйт. Химилия уулуу заттар колдонулбайт. Атайын калдыктарды сактоо жай (хвостохранилище) курулбайт. Болгону, биз ал жерден сепаратордук ыкма менен кумду элеп, радиоактивдүү топуракты Кара-Балтага алып кетебиз.

Радиоактивдүү топуракты алып кеткен сайын ал жердеги радиация деңгээли төмөндөйт», - дейт Акимов.

Учурда компания өз ишин эксперттерге баалатуу максатында абройлуу эл аралык компанияларга кайрылган. Алар текшерип бутүп, жакында өз корутундуларын чыгарышат.

Май айында Кыргызстанда эл аралык форум өткөрүлөт. Ал жакка чакырылган дүйнөлүк эксперттер компаниянын ишмердүүлүгүнө, анын ичинде айлана-чөйрөнү коргоо иштерине өз бааларын беришет.

«Тилекке каршы айрым кишилер ушак-имиштердин негизинде эле чечим чыгарышып, кендин ишине каршы пикирлерди айтып жатышат. Маселени саясатташтыруу аракети болуп жатат. Ошондуктан биз бардык кызыккан тараптарды, анын ичинде жарандык активисттерди, саясатчыларды, маалымат каржаттарын кызматташууга чакырабыз. Жалган маалыматтарга, бирөөлөрдүн тукурганына алданбаңыздар! Биздин элден жашыра турган эч нерсебиз жок. Ак жана ачык иштегибиз келет. Жасаган ишибизге, айткан сөзүбүзгө жооп бергенге даярбыз. Күмөн санагандар болсо бизге келип, так маалымат алыңыздар! Калоочуларды кенге алып барып, ишибизди толук көргөзүп келебиз. Өз көзүңүздөр менен көрүп келиңиздер, андан соң гана бүтүм чыгарыңыз», - деп кайрылышат компания өкүлдөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×