Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Баткен облусу, Баткен 19.04.2019 14:03 На русском

Сот кызматкерлерине «Айгүл-Таш» коругуна кызматтык унаа менен кирүүгө ким уруксат берген? (сүрөт)

Turmush -  Баткен облусундагы «Айгүл-Таш» мамлекеттик коругундагы эс алуучу жайга сот кызматкерлери кызматтык унаа менен киришкен. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Облустук соттун кызматкери Талгат Эгембердиевдин айтымында, кечээ, 18-апрелде Баткен шаарында башка облустардан келген сот кызматкерлери чогулушкан.

«18-апрелде саат 18:00 чамасында Баткен облустук сотунун кызматкерлери жана башка облустардан келген сот кызматкерлери болуп тоого барганбыз. Коноктор келгендигине байланыштуу биз кызматтык унаа менен барып, тамак-аштарды унаа менен киргизип, кайра чыкканбыз», - дейт Т.Эгембердиев.

Ал эми токой чарба кызматынын Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы Байсалбек Аширкулов коруктун ичине унаа менен кирүүгө уруксат берилгенин тастыктады.

Анын маалыматына караганда, сот органдарынын өкүлдөрү арасында кичи футбол боюнча мелдеш уюштурулуп, андан кийин алар Айгүл-Тоону көрүүгө барышкан. Соттун кызматкерлери унаа менен кирип, тамак-аштарды таштап коюуну суранышканда, алар уруксат беришкен.

Мындан тышкары, токой чарбанын кызматкери билдиргендей, коруктун аймагына ичинде улгайган аял отурган дагы бир унаа киргизилген. Аял өз алдынча баса албагандыктан, анын туугандары коруктун аймагына унаа менен кирүүгө уруксат берүүнү өтүнүшкөн.

2008-жылы жалпы аянты 250 гектарды түзгөн «Айгүл-Тоо» ботаникалык коругу ачылып, атайын кароого алынган. Анда кызыл китепке киргизилген Айгүл гүлү өсөт. Сейрек кездешүүчү Айгүл гүлү апрель айында ачылып, эки жумадай гана убакытка гүлдөйт.

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө мыйзамдын 23-беренесине ылайык, мамлекеттик өзгөчө коруктардын аймагында айрым жаратылыш объекттерине жана комплекстерге зыян тийгизиши мүмкүн болгон иштин бардык түрлөрүнө тыюу салынат.

Атап айтканда:

- комплекстүү өзгөчө коруктарда — жаратылыш комплекстеринин сакталышына коркунуч туудурган чарбалык иштерге;

- зоологиялык өзгөчө коруктарда — аңчылыкка, жапайы жаныбарларды ар кандай жолдор менен алууга, жапайы жаныбарлардын уяларын жана жатактарын бузууга, жумурткаларын алууга, ошондой эле жаныбарлардын жабыркашына же өлүшүнө алып келиши мүмкүн болгон башка иштерге;

- ботаникалык өзгөчө коруктарда — мал жаюуга, чөп чабууга, гүлдөрдү терүүгө, өсүмдүктөрдүн тамырларын, түптөрүн жана чанактарын казып алууга, от жагууга, транспорт каражаттарынын киришине, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүн жабыркоого же куурашына алып келиши мүмкүн болгон башка иштерге.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×