Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Талас облусу, Талас 19.04.2019 13:50 На русском

Жанында чоң суммадагы акча болгон: Таласта жоголгон окуучу кыз Бишкекте экендиги такталды

Turmush -  17-апрелде Талас шаарында жоголгон 14 жаштагы кыз Бишкек шаарындагы ири соода борборлордун бирине киргени маалым болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, изделип жаткан Гаухар Абасбекова Бишкек шаарына келип, соода борборлордун биринин видеокөзөмөлүнө түшкөнү аныкталды. Анын жанында болжол менен 35 миң сомдой акча бар болгондугу айтылууда. Ал акчаларды апасы каттырып жүргөн. Учурда издөө иштери уланууда.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Талас ОИИБдин басма сөз кызматы 17-апрелде Талас шаарында 14 жаштагы мектеп окуучусу Гаухар Абасбекова изделип жаткандыгын кабарлаган.

Маалыматка караганда, Гаухар Талас шаарындагы №1 мектептин 8-классынын окуучусу. Ал 17-апрель күнү саат 7:40та үйүнөн мектепке барам деп чыгып кеткен. Бирок мектепке жеткен эмес. Апасы милицияга арыз менен 17-апрель күнү кайрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×