Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.04.2019 12:48

Жалал-Абадда согушта курман болгон 5 жоокерге арналып эстелик тургузулду (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 18-апрелде Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон 5 жоокердин жаркын элесине арналып эстелик тургузулду. Бул тууралуу маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1941-1945-жылдары эли-жери үчүн жан аябай аттангандардын арасынан 5 жоокер жарадар болуп, Жалал-Абад шаарынын аймагындагы ооруканалардын бирине дарылоо үчүн алынып келген. Бирок оорунун айынан каза болгондон кийин шаардагы көрүстөнгө коюлганы аныкталган.

Алар — подполковник Голубаев Геннадий Петрович, ротанын командири Восковой Павел Иосефович, мындан сырткары катардагы жоокерлер — Васецкий Виталий Андреевич, Королев Сергей Иванович жана Николай Кириенко болушкан.

«Славян диаспора» ассоциациясынын өкүлдөрү тарабынан демилге көтөрүлүп, көрүстөндү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. 18-апрелде облустук жана жергиликтүү бийликтин, «Славян диаспора» ассоциациясынын өкүлдөрү, согуш ардагери жана Жалал-Абад шаарынын тургундарынын катышуусунда эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Катышуучулар алгач тургузулган эстеликке гүлчамбар коюшуп, андан соң бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды. Мектеп окуучулары тарабынан атайын даярдалган программа тартууланып, тынчтык жашоону тартуу кылган ардагерлерге алкыштар айтылды.

Улуу Ата Мекендик согушка Жалал-Абад шаарынын аймагынан 10 миңден ашуун жоокер аттанып, алардын ичинен 5024 адам кайтып келген. Бүгүнкү күндө шаарда согуштун 5 ардагери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×