Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Чүй облусуАламүдүн району 19.04.2019 09:56

Аламүдүндө сууга аккан 5 жаштагы Барсбек табыла элек

Turmush -  Аламүдүн районунда сууга агып кеткен 5 жаштагы Барсбек табыла элек. Бүгүн, 19-апрелде ӨКМ издөө иштери улантылып жатканын билдирди.

2014-жылы туулган Барсбек 11-апрель күнү саат 18:25 чамасында Константиновка айылындагы Ат-Башы каналынын суусуна агып кеткен. Андан бери издөө иштери улантылып, кечээ, 18-апрелде ӨКМден жалпы 133 куткаруучу чыкты. Ошондой эле издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казакстан Республикасынын ИИМнин Жамбыл облустук куткаруу департаментинен 4 суучул тартылган.

Караңгы киргендигине байланыштуу саат 19:30да издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн издөө иштерин улантышат.

село Константиновка Аламединского района

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×