Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Чүй облусуСокулук району 19.04.2019 09:01 На русском

Сокулуктун тургундары нааразычылык акциясына чыгышты (видео)

Turmush -  Сокулук районунун Орок айылынын тургундары 18-апрелде Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын алдында нааразычылык акциясын уюштурушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анда чогулгандар өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун сыртка чыгып, эл менен жолугушуусун талап кылышты. Имараттын алдында бир сааттай турган акциянын катышуучуларына өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Элкинбек Аширбаев чыкты. Андан соң алар чогуу Орок айылына барып, көйгөйлөр боюнча жеринде талкуу жүргүзүштү.

Катышуучулардын айтымында, Сокулук районунун Орок айылында 17 жылдан бери көйгөлөр каралган эмес. Алар бул убакыттан бери жол, суу, электр жарыгы жана башка көйгөйлөр чечилбей келгенин билдиришти.

Ошондой эле, алар өкмөттүн өкүлү бул маселелерди карабаса, анда тургундар Ак үйдүн алдына барып, митинг кылышаарын эскертишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×