Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Нарын облусуАк-Талаа району 18.04.2019 17:32

Ак-талаалык көк бөрүчүлөрдү жердештери 180 000 сомдук тулпар жана миңдик акчалар менен сыйлашты

Turmush -  Бүгүн, 18-апрелде Нарын облусунун Ак-Талаа райондук бийлиги тарабынан 21-апрель — Нооруз күнү өткөн республикалык көк бөрү турниринде 3-орунду камсыздаган «Соң-Көл» командасын сыйлоо аземи салтанаттуу белгиленди. Бул тууралууу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондун тарыхында биринчи жолу Кызыл-Белес жана Тоголок Молдо айылдарынын көк бөрүчү жигиттеринен куралган «Соң-Көл» курама командасы республикалык турнирде 3-орунду алып, райондун эле эмес, бүтүндөй Нарын облусунун намысын коргоп келишкен.

Көк бөрүчү жигиттерди район акими Нурбек Молдокадыров, Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев, акын Өмүрбек Дөлөев жана башкалар куттукташты. Сыйлоо аземине мекеме-ишкана жетекчилери катышып, көк бөрүчүлөргө райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен «Соң-Көл» командасынын машыктыруучусу Чыңгыз Мукашов, команданын оюнчулары Рысбек Аманбеков, Кылыч Шергазиев сыйланышты. Ошондой эле командага ыраазычылык кат тапшырылды. Андан сырткары аталган командага акчалай колдоолор жана баалуу белектер берилди. Алсак, райондук шаар курулуш жана архитектура бөлүмүнүн башчысы Руслан Алдеев 10 миң сом, учурда Дубайда жашаган ак-талаалык Аида Турганалиева 100 доллар, ал эми райондук мекеме-ишканалар жалпы 30 миң сом каражат чогултуп беришти. Ошондой эле Терек жана Үгүт айыл өкмөтү тарабынан 20 миң сом, райондук электр тармагы ишканасынын жетекчиси Таалайбек Турганбеков 7 миң сом тапшырса, ишкер Төрөгелди Жузуев көк бөрүчү жигиттерди мейманканадан сый тамак берип сыйлады. Эң негизгиси «Соң-Көл» командасына Кызыл-Белес айылдык бийлиги жана жергиликтүү тургундары тарабынан 180 миң сомдук тулпар тапшырылды. Бул 180 миң сомдун ичинен 120 миң сомун жалпы жергиликтүү тургундар чогултуп беришсе, айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү бюджеттен 50 миң сом бөлүп беришкен. Ал эми айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев 10 миң сом каражат тапшырды.

Салтанаттын соңунда ардагер Жайлообай Абдиев көк бөрүчү жигиттерге бата берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×