Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Талас облусу, Талас 18.04.2019 15:04 На русском

Таласта аскер комиссариатынын жетекчиси пара алууга шектелип кармалды. Видео

Turmush -  15-апрелде Талас шаардык бириккен аскер комиссариатынын жетекчиси Ж.А. пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 20 миң сом акча алып жаткан жеринен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул маалыматты Талас облустук прокуратурасы тастыктап, ишти УКМК карап жатканын билдирди.

Ал эми Талас шаардык бириккен аскер комиссариатынын жетекчисинин орун басары Нурлан Осмонов бул маалымат боюнча комментарий бере албай тургандыгын белгиледи.

«Бизде жетекчиликтин уруксаты жок бул боюнча маалымат бере албайбыз. Жетекчибиз 2 күндөн бери жумушта жогу чын», - деди ал.

Кийинчерээк УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аталган жетекчи пара талап кылууга шектелип кармалгандыгын билдирди.

Маалыматка караганда, Талас шаардык бириккен аскер комиссариатынын жетекчиси, полковник Ж.А. 20 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Ал жергиликтүү тургунду аскердик милдетин аткаруудан качып жүргөндүгү үчүн кылмыш жоокерчилигине тарттырам деп коркутуп, 25 миң сом талап кылган. Жетекчи мындан тышкары анын паспортун да алып койгон. Аталган факты боюнча пара талап кылуу беренеси менен кылмыш иш козголду. Кармалган жетекчи камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×