Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 17.04.2019 14:12

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду облуска 8 тез жардам унаасын алып берди (тизме)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагындагы ооруканаларга 8 тез жардам унаасы берилди. Ага Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан 7 млн 400 миң сом бөлүнгөн.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, бүгүн, 17-апрелде тез жардам унаалары расмий түрдө тапшырылып, ага Саламаттыкты сактоо министрлигинин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана дарыгерлер катышты.

«Тез жардам унаалары эски болуп, 20 жылдан бери көйгөй жаратып келген. Өзгөчө Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун эки унаасы аябай эскирип калган. Биз унааларды абдан муктаж болгон ооруканаларга бөлүштүрдүк. Бул көйгөй чечилип, дарыгерлер кубанып жатышат. Эми элге убагында биринчи жардам бере алабыз», - дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Мирбек Сагынбаев.

Ал эми Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун жетекчиси Алдаяр Тойгоналиев саламаттыкты сактоо тармагына дайыма жардам берилип келгенин айтат.

«Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду саламаттыкты сактоо тармагына дайыма жардам берип келет. Бул жолу тез жардам унааларын алып бердик. Алар атайын тендер менен алынды. Гемодиализ бөлүмүнө, облустук үй-бүлөлүк борборуна, психоневрологиялык бөлүмүнө жардам бердик», - дейт А.Тойгоналиев.

Ошондой эле ал фонд тарабынан саламаттыкты сактоо тармагына кандай жардамдар берилгенине токтолду.

«2018-жылы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 31 939,4 миң сом бөлүнгөн. Бул каражатка облустук оорукананын психоневрологиялык бөлүмүнүн имараттары оңдоодон өткөрүлдү. Мындан сырткары, заманбап даараткана курулду. Ошондой эле оорукананын бөйрөктү кайра иштетүүчү аппараттарына тетиктер алынып, бөйрөктү кайра иштетүүчү 4 аппарат алынды.

Ушуну менен бирге кайра калыбына келтирүү борборунун имараты оңдолду. И.Ахунбаев атындагы медицина колледжинин имаратынын ичи оңдолуп, учурда сырты оңдолууда. Балыкчы шаардык ооруканасынын имараты ондолуп, жабдуулар алынып берилди.

Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы ФАПтын курулушу аяктап, колдонууга берилди. Ак-Суу районунун Ак-Булак, Курбу айылдарында ФАП курулду. Маман айылындагы ФАПтын курулушун 2019-жылы аяктап, колдонууга берүү пландалууда. Ошондой эле аймактык ооруканалардын кир жуучу жайларын жана Тоң райондук оорукананын канализациясын оңдоо иштери жүрүүдө», - деди ал.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Гүласыл Сутуева Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду буга чейин элге эң керектүү болгон 4 гемодиализ аппараттарын жана тетиктерин алып бергенин кошумчалады.

Тез жардам унаалары төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

- Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 2 тез жардам унаасы;

- Ысык-Көл облустук ооруканасына - 1;

- Жети-Өгүз райондук жалпы дарыгерлер борборуна - 1;

- Ак-Суу аймактык ооруканасына -1;

- Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна – 1;

- Балыкчы шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна – 1;

- Ананьев жалпы дарыгерлер борборуна 1 унаа берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×