Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 17.04.2019 13:38 Жаңыланды: 26.08.2019 17:48

Айыл турмушу: Кара-бууралык чебер Н.Кабылбекова айылда кийимдердин бардык түрлөрүн тигет (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылынын 38 жаштагы тургуну Нургүл Кабылбекова 10 жылдан бери балдардын майрамдык кийимдерин тигип эмгектенет. Аймактык кабарчы тигүүчү айым менен таанышты.

Анын айтымында, Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын кызы.

«Турмушка чыкканга чейин курак курап, кыздын себин даярдап иштечүмүн. Кичинекейимден тигүү ишине кызыгып, чоңойгондо окубастан өнөрүм менен тыйын-тыпыр табууга өткөм. Мээнет менен тапкан тыйын жугумдуу болот дегендей аз болсо дагы каражат табам. Ортодон Бишкекте 2 жылдай тигүүчү цехтерде иштеп такшалдым. Ушул айылды камсыздап, кийим-кеченин бардык түрүн тигип, бала бакча жана мектептеги иш-чараларда жана майрамдык кечелерде кийген кийимдердин баарын тигем. Буйрутмалар көп келет. Балдарым жаш болсо дагы алган буйрутмаларымды тигип берүүгө аракет кылам. Белдемчилерге буйрутма байма-бай келип турат. Аларды өздөрү каалагандай кылып тигип берем. Анткени апалар каалагандай көйнөктөр базарда сатылбайт. Болсо дагы аны кыскартуу же узартуу иштери болуп калат. Ошондуктан убара тарткысы келбейт. Белдемчилерди 150 сомдон, балдардын майрамдык көйнөктөрүн 200 сомдон тигип берем. Кызмат акым арзан, эң негизгиси айыл эли ыраазы болуп алышса ошого шүгүр дейм. Айыл тургундары кийимдердин сүрөттөрүн көрсөтүп келишет. Кудум ошондой кылып тигип берем. Канчалык кыйын фасондогу кийим тиксем ошончо ырахат алам, мага жагат. Балдарымдын кийим-кечелерин сатып алып бербестен өзүм тигип берем. Чыптамаларды 250 сомдон тигип берем. Бүгүнкү күндө төшөктөрдү бардык түрү менен курап берем. Ал 1200 сомдон бааланат. Жолдошум Россияда эмгектенет. Экөөлөп балдарыбыздын келечеги үчүн алпурушуп келебиз», - деди ал.

Чебер айым 5 баланын апасы. Улуу кызы 5 класстын окуучусу болсо, кичүүсү 1 жашка чыга элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×