Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 17.04.2019 11:31 На русском

Кайын атама барып, «кызыңыз мени менен сүйлөшпөй жатат» дедим: Турмуштагы бир сүйүүнүн тарыхы. Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын тургуну Замир Жумакеев жубайы Каныя Жумакееваны кайын энесинин туулган күнүндө көрүп жактырып калган. Аймактык кабарчы жаш жубайлар менен таанышты.

Каныя айым 1995-жылы Талас шаарында төрөлүп өскөн. Кесиби боюнча медайым.

Жолдошу: Мен компаниялардын биринде иштечүмүн. Кайын атам, кайын апам менен чогуу иштешип жүрдүк. Бирок күйөө баласы болуп калам деген ой жок болчу. Мындайча айтканда достордой эле болуп жүрө берчүбүз. Бир күнү сүйлөшүп отуруп калсак балдары жөнүндө кеп козгоп, «эки кызым бар» деп калды. Кызы экөөбүздүн жашыбыз тең экен. Ошол жерден ичимден таанышып көрсөмбү деп ойлоп койдум. Кайын энем экөөбүздүн туулган күндөрүбүз удаа экен. Мени дагы туулган күнгө конок катары чакырышкан. Белегимди алып, айткан кафеге бара жатсам 2 кыз сүрөткө түшүп жаткан. Элес деле алган эмесмин. Көрсө ал мен таанышып көрчү кыздын бири экен. Анан ошол жерден апасын куттуктап, курбусу экөө кирип келди. Карасам жолдо сүрөткө түшүп жаткан кыздар экен. Кайын энем «мен айтып жаткан кызым ушул» деп тааныштырды. Арадан көп убакыт өтпөй кайын энемдин жумушуна бардым. Барып эле «кызыңыздын номурун бериңизчи» деп сурасам таң калып, мени башкача карап туруп калды. Чоочуп «эмне каласың?» десе, алам деп айтып салыптырмын. Болбой койду, эртеси дагы бардым, айла жок берген. Кызына WhatsApp аркылуу кат жазсам, мени өчүрүп салды. Анан чыдабай кайын атама «кызыңыз мени менен сүйлөшпөй, соцтармактан өчүрүп салды го» деп сөз таштап койдум. Ал кайын энеме, кайын энем кызына айтса ал макул болбой койгон экен.

Бир күнү мага «байке, убара болбоңуз менин жигитим бар» деп койду. Мени жигити кызыктырган жок. Болгон аракетимди жумшай бердим. Өзүм романтикмин, гүл бергенди жактырам. Сатуучулардын гүл жөнөтүп жиберчүмүн. Кийин «мага гүл берип убара болбо, мен тамак жегенди жакшы көрөм» деген билдирүү келди. Ошентип гүл ордуна тамак-аштарды берип жүрдүм. Акыры кайын энем менен кайын атамды ортого салып отуруп, жолугуп сүйлөшкөм. Эң кызыгы жолукканы барганда курбусу менен унаада отуруптур. Мени экөө тең «арткы орунга отур» деп өздөрүнчө кыйын болуп сүйлөп коюшту. Жакшы деле сүйлөшкөн жокпуз. Менин дагы жиним келип, сүйлөшпөсөк сүйлөшпөй эле коёлу деп түшүп кеттим. Мен «орусча жакшы билбейм» деп көп айтчумун. Гүл саткан эже орус эже болгондуктан бир күнү курбусу экөө ошол эжеге барып, мени «ал орусча билбейт, кантип сизден гүл алып кетет?» деп сурашыптыр. Ал «биз менен кадимкидей эле сүйлөшөт» деп айтыптыр.

Бир күнү «ушунчалык мени алгың келип жатса алып кет» деп жазып калды. Көрсө кайын энем «ушул балага эле тий» десе болбой, акыры макул болуп, мага жазган экен. Көп өтпөй ата-энем менен барып, салт боюнча сөйкө салып келдик. Андан кийин 2017-жылдын 15-ноябрында үлпөт тоюбузду өткөрдүк.

Жубайы: Өзүм дагы түшүнбөйм. Жолдошум ата-энеме аябай жагып калган экен. Атам дагы «Өзүмдөй шайыр, ачык бала экен. Сенин бактыңды тилеп жатабыз» деп көп айтчу. Жолдошумдун айынан апам менен 2 күн сүйлөшпөй жүрдүм. Акыры макул деп макулдугумду бергем. Сөйкө салып кеткенден кийин бири-бирибизге жакын боло баштадык. Менин номурумду апамдан алгандан 2 күндөн кийин эле «мен сени сүйөм, акыры сени алам» деп жазган. Ичимден соо эмес бала окшойт деп койгом. Кийин «бир көрүп кантип сүйдүң, ошондой да болот бекен?» десем. «Өзүм дагы түшүнбөйм, ички сезимдерим башкача болуп жүрөт» деп жооп берген.

Ошентип Боо-Терек айылына келин болуп келгем. Келин болуп келгенде 3 күндөн кийин көшөгөдөн чыгып, түнкү саат 3:00тө үйдөгүлөргө биринчи чайымды сунгам. Жакындарым «уйкудан каласың» деп аябай коркуткан болчу. Менде андай нерсе болгон жок. Келин болуп барган күндөн кийин эле кайын атама «ата, сүрөткө түшүп алалычы» деп өтүп бара жаткан жеринен селфи кылып сүрөткө түшкөнбүз. Үйдүн эрке кызы болгондуктан бул жактан дагы эркелеп жүрө берем.

Жубайлар учурда биринчи наристесин күтүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×