Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Баткен облусуЛейлек району 17.04.2019 10:01

Лейлек районунда социалдык объекттер курулду

Turmush -  15-апрелде Лейлек районунда заманбап шарттары менен жаңы төрөт бөлүм ачылды.

Маалым болгондой, район аймагында ара төрөлгөн балдардын жана энелердин ден соолугун толук кандуу медициналык тейлөө бир топ көйгөйдү жаратып келген. Тагыраак айтканда Лейлек аймактык ооруканасында бейтаптар үчүн койкалар жетишпей, ара төрөлгөн балдарды сактоочу аппараттар иштебей келген. Бул көйгөйдү чечүү максатында 2018-жылы Лейлек районунун акимчилиги тарабынан «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесине долбоор сунушталып, ал колдоо тапты. Аталган төрөт бөлүмүнүн курулуш иштери 2018-жылдын сентябрь айында башталган. 33 млн сомго 30 койкалуу, 2 кабаттуу имарат салынды. Ошондой эле 8 млн 400 миң сомго заманбап медициналык жабдуулар (УЗИ, ара төрөлгөн балдардын аппараты, операциялык 2 стол, дем алдыруучу аппараттар) жана эмеректер алынды. Аталган бөлүмдүн ачылуу аземине караган түнү бул жерде 2 уул бала, 1 кыз төрөлдү. Аларга ата-энелердин макулдугу менен демөөрчүлөр Рашид, Якуб жана Айша деген аттарды ыйгарышты.

3 жыл ичинде Лейлек районунун аймагында 8 млн 500 миң сомго 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (Көк-Таш айылы), Исфана шаарында билим берүү борбору, Ак-Чыйыр билим берүү борбору ачылды. Айбике, Маргун, Достук айылдарында таза суу менен камсыздоо иштерине 4 млн сом каражат жумшалды. Жалпысынан райондун аймагына 100 млн сомдон ашуун инвестиция тартылган.

Тыгыз кызматташып жаткандыгы үчүн Лейлек районунун акиминин орун басары Абдикасыт Исаев демөөрчүлөргө ыраазычылык кат тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×