Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусу, Талас 17.04.2019 10:35 На русском

Жаш талант: Таластагы кичинекей Курманжан датка. Л.Аязканова тасмага кокусунан тартылып калган (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 12 жаштагы тургуну Лунара Аязканова 4 жашында «Курманжан датка» тасмасында роль аткарган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Атасы Шерхан Дүйшекеевдин айтымында, кызы ойдо жок жерден тасмага тартылып калган.

«Курманжан датканын кичине кезин чагылдырууга режиссерлер кичинекей, чап жаак, чоң кезине окшошураак кыз издеп жүрүшүптүр. Ошол учурда биз жубайым экөөбүз кызыбызды айылдагы апамдардын үйүнө жөнөткөн болчубуз. Оюбузда эч нерсе жок эле. Ошол жактан кызым, апам экөө тойдон келе жаткан жеринен кинонун режиссерлору чуркатып, сүрөткө тартып алган экен. Апам 60 жаштан ашып калган киши, орусча сүйлөшсө жакшы элес албаптыр. Көрсө «кызыңарды ушул ролго алдык» деп айткан экен. Анан бизге телефон чалып айтышты. Апам экөө Бакай-Ата районунун Кара-Коюн деген үңкүрүнө барып, 3 күн жатып тартылып келишкен. Анда Лунара 4 жашта болчу. Кичинекей болгондуктан тоголонуп, беттери тытылганын көрсөңүздөр болот. Биз гезитке сүрөтү чыгып келгенде гана ишенип сүйүнгөнбүз. Кино андан кийин 3 жылдан соң чыкты. «Манас» кинотеатрына ачылышына барганбыз. Бул дагы күтүүсүз жерден өзүнчө тарых болуп калганына абдан сыймыктанабыз», - деди ал.

Лунаранын айтымында, келечекте актриса болууну кыялданат. Учурда 6-класста окуйт.

«Мен ал кино тартылганда кичинекей болгондуктан көп жерлерин билбейм. Ачылышына барганда сулуу актриса эжелерди, чоң экрандан өзүмдүн кичинекей кезимди көргөнгө сүйүнгөм. Келечекте актриса болсом дейм.

Талас шаарындагы Ч.Мамбетов атындагы орто мектепте 6-класста окуйм. Мектепте иш-чараларга баарыбыз активдүү катышабыз. Ырда десе ырдап, сценка десе сценка аткарып чыгабыз. Үйдөгүлөр «атасын тартышкан» деп күлүп калышат. Атам дагы кичинесинен КВНде ойноп жүрчү экен», - деди ал.

Лунада үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×