Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуБаткен району 16.04.2019 16:37 На русском

Баткендеги «Айгүл-Таш» коругу эми мамлекеттик токой фондунун карамагына өтөт

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Айгүл-Таш» ботаникалык коругу эми мамлекеттик токой фондунун карамагына өтөт. Бул тууралуу Баткен аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба башкармалыгынын башчысы Бакытбек Умаров билдирди.

Анын айтымында, корук фонддун карамагына 2019-жылдын 9-октябрында өтөт.

«Чындыгында «Айгүл-Таш» мамлекеттик корук. Мындагы гүлдү сактап калуу, туристтерди тартуу үчүн мамлекеттик маанидеги корукту өнүктүрүү үчүн мамлекеттик токой фондунун балансына өткөрүү каралды. Мамлекеттик агенттиктен билдиргендей, тоого видеобайкоолор орнотулуп, атайын электр энергиясы менен камсыздалат. Анан жашылдандыруу үчүн скважина курулат. Кызматкерлерибиз кароого даяр турушат. Буга чейин Кара-Булак айыл өкмөтүнүн балансында туруп, 10 жылга, башкача айтканда 2009-жылдын октябрынан тарта токой чарбага жашылдандыруу үчүн келишим менен берилген. Быйыл келишимдин мөөнөтү аяктайт», - деди Умаров

«Айгүл-Таш» мамлекеттик коругунун жалпы аянты 254 гектар. Ал 1978-жылы корукка алынып, айгүл гүлү кызыл китепке киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×