Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 16.04.2019 15:31

Айыл турмушу: Күнөскана иштеткен М.Кулдашев бадыраңдын баасы эмне себептен арзандаганын айтты (сүрөт)

М.Кулдашевдин күнөсканасы
М.Кулдашевдин күнөсканасы
// Turmush

Turmush -  Кара-Суу районунун Сарай айылынын тургуну Мурат Кулдашев 5 жылдан бери күнөскана иштетип, үй-бүлөсүн багып келет. Дыйкандын айтымында, быйыл бадыраңдын баасы өткөн жылга салыштырмалуу арзан болууда. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Мурат мырза Тажикстандан Кыргызстанга мөмө-жемиштер импорттолуп жатканы үчүн бадыраңдын баасы төмөндөп кеткенин айтты.

«Алгач ишкерликти 10 сотых жерди иштетип баштаганбыз. Учурда күнөсканабыз 40 сотых жерде жайгашкан. Бадыраңдын түйшүгү азыраак, түшүмдүүлүгү жакшы болгондуктан, жыл бою бадыраң эгебиз. Бадыраңдын "арзуу" жана "голланд" деген түрлөрүн эгем. Анткени базарда бадыраңдын бул түрлөрүнө суроо-талап жогору. Эгерде жакшы карасак, жылына эки ирет түшүм алууга болот. Күнөскана иштетүү деле оңой-олтоң иш эмес. Кышы менен жылуулугун камсыздап, бадырыңдын жакшы жетилиши үчүн шарттарды түздүк. Башында суткасына 1 тоннага чейин көмүр жакчубуз. Учурда көмүрдү үнөмдөөнүн жолун таап, күнүнө 200 кг чейин жагып жатам. Бадыраңдарды эрте жазда сатыкка чыгаруу үчүн жумуштарды эрте баштайбыз. Даярдоо иштери январь айында эле башталган. Бадыраң 45 күндө толугу менен жетилип, сатууга жарап калат. Быйылкы жылдын эсебинен алгачкы түшүмдү апрель айынын башында сатып баштадык», - деди М.Кулдашев.

Ал бадыраңдарын Кара-Суу шаарындагы базарга сатыкка алып чыгат. Сатып алуучулар көп болгондуктан соодасы жакшы болот. Мурат мырза бадыраңдан тышкары сентябрь айында помидор эгип, сатыкка чыгараарын кошумчалады.

«Былтыр апрель айында 1 кг бадыраңды 120-140 сомдон сатсак, быйыл 50-60 сомдон сатып жатабыз. Учурда Тажикстан мамлекетинен бадыраң көп алынып келүүдө. Ошондуктан бадыраңдын наркы түшүп кетти. Биздин негизги эле кирешебиз ушул болгондуктан, сапаттуу, мол түшүм алууга аракет кылам», - дейт дыйкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×