Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.04.2019 14:08 На русском

Жалал-Абадда айдоочунун 5,2 миң долларын уурдап кеткен «кесиптеши» кармалды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жеңил унаанын ичинен ири өлчөмдө акча уурдаган киши кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 1-апрелинде саат 10:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Кызыл-Мехнат көчөсүндө токтоп турган Сузак районунун 1983-жылы туулган М.Н. аттуу тургунуна таандык күмүш түстөгү «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаадан 369000 сом (КР Улуттук банкынын курсу боюнча 5 миң 286 доллар) уурдалганы маалымдалган. Аталган окуя боюнча КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү менен иш козголуп, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгышкан.

Текшерүүнүн натыйжасында Жалал-Абад шаарынын Транспорт көчөсүндө жайгашкан имаратта орнотулган видео байкоо тасмасынын көчүрмөлөрү алынып, анда ак түстөгү «Тойота Ист» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кылмышка шектүү делип аныкталган.

Ыкчам териштирүү иштеринин жүрүшүндө аталган унаа Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын аймагынан табылып, шектүү катары Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын 1971-жылы туулган К.У. аттуу тургуну кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

18

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×