Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 16.04.2019 09:53 На русском

«Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн борбору»: Иш-чараларды өткөрүүгө 15 млн сом бөлүндү

Ош шаары
Ош шаары
// Turmush

Turmush -  «Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык иш-чарасына даярданууга жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен 15 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн 8-апрелдеги буйругунда айтылат.

Буга чейин иш-чарага даярдануу жана уюштуруу үчүн атайын комитет түзүлгөн болчу.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, «Ош шаары — Түрк элдеринин маданий борбору» эл аралык салтанаты 19-апрель күнү башталат. 20-апрелде «Түрк дүйнөсүнүн этно маданияты» фестивалы, «Элдик каада-салттар», «Этно музыка», «Этно мода» иш-чаралары өтөт. Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында илимий-практикалык конференция уюштурулат.

«Алымбек датка» этнографиялык борборунда өтүүчү «Түрк элдеринин маданияты Сулайман-Тоодо» аталышындагы маданий иш-чарадан кийин «Сулайман-Тоо ынтымак жүрүшү» болот. Жүрүш коноктордун жана шаар тургундарынын катышуусунда «Алымбек датка» этнографиялык борборунан А.Сүйүмбаев стадионуна чейин уланат. Ошол эле күнү кечинде борбордук стадиондо эл аралык салтанаттын расмий ачылыш аземи президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×