Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.04.2019 09:16 На русском

Жалал-Абадда арабиялык дарыгерлер жүрөккө акысыз операция жасашты (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абаддагы түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда миокард инфаркт менен жабыркаган бейтаптарга операция жасоо боюнча кайрымдуулук акциясы жүрүп жатат. Операцияны Сауд Арабиянын Жида шаарынан жана Бишкектен келген дарыгерлер жасашат. Акцияны Дүйнөлүк ислам лигасы каржылоодо.

Борбордун директору Калдарбек Абдрамановдун айтымында, Арабиядан профессор Али Масуддун жетекчилиги менен келген дарыгерлер 2 күн бою мындай кымбат баалуу операциянын акысын өз күчү менен төлөй албаган бейтаптарды текшеришкен. Ал эми бул акция Азияда жүрөккө биринчи жолу операция жасалганынын 60 жылдыгына арналат. Бул операцияны академик Иса Ахунбаев 1959-жылы 19-майда жасаган.

Ошондой эле 18-майда «Кыргызстандагы кордиохирургия кечээ, бүгүн, эртең» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×