Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуНоокен району 09.04.2019 14:34 Жаңыланды: 09.04.2019 17:36

Ноокендеги ишкердин 7 жашар баласы кантип өлтүрүлгөн? Окуянын чоо-жайы (видео, сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеке ишкердин 7 жаштагы баласынын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү үрөй учурган окуя болуп калды. Кылмышка шектүү окуучуну үйүнөн алдап алып чыгып, муунтуп өлтүргөндөн кийин денесин айылдагы эгин талаага көмүп койгон. Шектүү учурда Оштогу тергөө изоляторунда кармалууда. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы окуянын чоо-жайын териштирди.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 4-апрель күнү Ноокен районуна караштуу Масы айылында болгон. Өлүм менен аяктаган окуянын артында кылмышка шектелген 22 жаштагы жигит менен маркум окуучунун атасынын ортосунда акчага байланышкан маселе болгону айтылууда.

Кылмышка шектүү жигит ишкердин колунда жумушчу катары иштеп келген. Ишкердин ишенимине кирип, анын атын жамынып, туура эмес иштерди жасай баштаганда ал жумушунан четтетилген.

Өлтүрүлгөн өспүрүмдүн атасы (аты-жөнүн атоону каалаган жок) окуя тууралуу өзүнүн пикирин айтып берди.

«Шектүү жигит буга чейин менин колумда иштечү. Жумушту жакшы өздөштүрүп кеткендиктен көңүлүмө туура келип, ишин улантып жаткан. Ишеничке кирип алган соң, кампадан курулуш материалдарын уурдап жатканын аны менен чогуу иштеген балдар айткандан кийин көңүлүм сууп калды. Иштеп жүргөн учурда үйүмдүн курулуш иштерин бүтүрүп алайын деп менден 150 миң сомго жакын товар алган болчу. Иштен чыгаар алдында алган карыздарын араң өндүрүп алган болчумун. Ал ортодо курулуш материалдарын дүң баада саткан дүкөңдөрдөн, уюлдук телефон саткан кеңселерден менин атымды жаздырып, карызга буюм алган экен. Арадан бир жыл өткөндөн кийин да аны жумушка алуумду, карызга товар берип турууну өтүнүп келип жүрдү. Бирок мен аны жумушка алган жокмун. Мурда биз менен чогуу иштеп жүргөндүктөнбү 7 жаштагы уулум менен мамилеси бир туугандай жакшы болуп калган. Уулум дагы аны аябай жакшы көрүп, ага деп жанында жүрчү.

4-апрель күнү мен дүкөндө соода кылып отургам. Уулум мектептен келип, үйгө кирип кетти. Негизи мектептен келгенде кийимдерин алмаштырып чыгып, мага каралашчу. Кечирээк үйгө келсем уулум жок, өз алдыбызча издей баштадык. Түнкү 24:00 чамасында милицияга кабар бердик. Ушул эле күнү баламды өлтүргөн жигит 3-4 жолу келип, чоң өлчөмдө курулуш материал керектигин айтканда мен берген эмесмин. Көрсө ал уулумду үйдүн артынан алып чыгып, талаага алып барып муунтуп өлтүрүп койгондон кийин мага келиптир.

Уулум мага аябай жакын болчу. Муну билген шектүү атайын жасады. Ата үчүн эң оору баласынын сөөгүн өлүкканадан көрүү экен. Мен өлүкканага барганда баламдын башы чабылган, тили чыгып, бети-башы ылай болуп калган экен. Кантип адам баласы ушундай кадамга барсын?», - дейт маркум баланын атасы.

Ал белгилегендей, чынында эле ага телефон аркылуу белгисиз адам байланышып, 120 миң доллар талап кылган.

Милициядан алынган маалыматка караганда, шектүү баланы өлтүргөндөн кийин денесин Масы айылындагы талаага алып барып көмгөн. Учурда бул окуя боюнча тергөө иши жүрүп жатат.

«Ушул жылдын 5-апрелинде Ноокен районунун Масы айылынын тургуну өзүнүн 2012-жылы туулган баласы жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылган. Анын арызы Ноокен РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөнүн жүрүшүндө баласын белгисиз жаран уурдап кеткендиги такталып, КРнын Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) боюнча сотко чейинки жазык-өндүрүштүк иши башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде Ноокен районунун Масы айылынын тургуну кылмышка шектүү катары кармалды. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө баланы уурдап кетип, арадан 1-2 саат өткөндөн кийин аны муунтуп өлтүрүп, аталган айылдагы эгин талаага көмүп койгондугун билдирген.

Ноокен райондук соту шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», - деди Ноокен РИИБдин криминалдык милиция кызматынын башчысы Азамат Төраканов.

Баланын жансыз денеси табылгандан кийин кылмыш иш Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнө (адам өлтүрүү) өзгөртүлгөн.

Маалым болгондой, өспүрүм райондогу №2 С.Ногоев атындагы мектепте 1-класста окуп жаткан.

Буга чейин Жалал-Абаддагы Ноокен районунда өзгөчө оор кылмыш боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын, шектүү 7 жаштагы баланы өлтүрүп, көмүп койгонун ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×