Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 09.04.2019 12:23 На русском

Урологиялык операциядан кийин каза болгон бейтап: Дарыгер эмне дейт? (видео)

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  2018-жылдын 30-ноябрь күнү операциядан кийин абалы оорлоп, 7-декабрда каза болгон бейтап неврологиялык оорудан улам кайтыш болушу мүмкүн. Бул тууралуу Ош шаардык ооруканасынын усулдук уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Азизбек Жунусов аймактык кабарчыга билдирди.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаардык ооруканасында каза болгон бейтап тууралуу маалымат прокуратура тарабынан текшерилип, операция жасаган дарыгерге кылмыш иши козголгонун жазган.

«Бейтап А.М. 2018-жылы 29-ноябрь күнү шаардык оорукананын урология бөлүмүнө кайрылган (эркек адамдардын оорусу боюнча, аденома простаты — көбүнчө 40-50 жаштан жогорку курактагы мырзалар ооруйт). Колунда эки күн мурун тапшырган анализдердин жыйынтыгы бар болчу. Аны дарыгер Ж.М. көргөн. Бейтап алып келген анализдердин жыйынтыгында операцияга каршы келе турган негиздер жок экен. Оорулууга диагноз коюлгандан кийин дарыгер ага операция жасоону сунуштаган. Бейтап макул болуп, эртеси ооруканага жаткан. 1 күндөн кийин операция жасалды. Андан кийин абалы жакшы болгондуктан, палатага которулган. Палатада 5 күн жаткандан кийин дене табы көтөрүлүп баштаптыр. Ошол убакта башы ооругандыктан невропатологдорду чакыртып, консультация алышкан. Невропатологдор өздөрүнүн диагнозун коюшуп, ал боюнча бейтапты дарылагандан кийин абалы турукташпагандыктан жандандыруу бөлүмүнө которушкан. Жандандыруу бөлүмүндө 1 күн жатып, дарыгерлердин жасаган аракеттерине карабай каза болду. Операция жасаган дарыгер тиешелүү бардык жардамдарды көрсөткөн. Операциянын кесепетинен каза болду дейин десең, операция андай деле оор болгон эмес. Бейтапка Бишкектен келген профессор-дарыгер операция жасаган. Профессор бизге түштүк аймактын медициналык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү үчүн келген. Бейтап каза болгондон кийин анын денеси өлүкканага түшкөн. Ал жактан экспертиза дайындайлы десек, туугандары макул болбой коюшкан. Дагы бир себеби, невропатологиялык оорудан улам кайтыш болушу мүмкүн», - деди дарыгер Азизбек Жунусов.


Turmush басылмасынын кабарчылары операция жасаган дарыгер менен байланышканда, ал ооруканада дарыланып жатканын билдирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, текшерүү иштери Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө 2018-жылдын 29-ноябрында 1954-жылы туулган Максат (аты өзгөртүлдү, М.А.) Ош шаардык ооруканасына, тактап айтканда дарыгер М.Ж.га эркек адамдардын оорусу боюнча (аденома простаты — көбүнчө 40-50 жаштан жогорку курактагы мырзалар ооруйт) кеңеш алуу үчүн кайрылгандыгы аныкталган. Дарыгер Максатка операция кылууну сунуштаган.

«Максат операциянын алдында дарыгер дайындаган анализдерди тапшырган жана анын жыйынтыктары канааттандырарлык болгон. Операция жасоо үчүн орчундуу себеп болгон эмес», - деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

30-ноябрь күнү дарыгер Максат мырзага аденоманы алуу үчүн операция жасаган. Операциядан кийин бейтаптын абалы начарлап баштаган, бирок дарыгер тиешелүү кесиптик медициналык жардам көрсөткөн эмес.

«2018-жылдын 7-декабрында, операция жасалган күндөн 7 күн өткөндөн кийин дарыгер кесиптик милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн бейтап Ош шаардык ооруканасында көз жумган», - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Ошондой эле операциянын алдында дарыгер бейтаптын жубайынан ар кандай себептер менен 17 миң сом алгандыгы аныкталган. Анын 10 миң сому Максаттын абалы начарлап кеткенден кийин кайра кайтарылып берилген.Ош шаардык прокуратура тарабынан аталган факты КРнын Жазык кодексинин 152-беренесинин (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) жана 238-берененин 1-бөлүмүнүн (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү үчүн материалдар тиешелүү органга жиберилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×