Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 06.04.2019 12:08

Чаткалда жылдын мыкты мугалими аныкталып, облустук сынакка жолдомо алды

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда 4-5-апрель күндөрү «Жыл мугалими-2019» кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу Чаткал райондук администрациясынан билдиришти.

Кароо-сынакта райондогу 19 мектептен 16 мугалим ат салышкан. Жеңүүчүнү калыстар тобу аныктаган. Анын жыйынтыгында баш байгени С.Мырзалиев орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Наргиза Кубатова жеңди. Ал 4 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болуп, облустук сынакка жолдомо алды.

Андан тышкары 1-орунду Терек-Сай орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Чынара Амиракулова ээлесе, 2-орунду Ж.Ташкеев мектебинин башталгыч классынын мугалими Назгүл Өскөнбаева алды. 3-орунга Чакмак-Суу орто мектебинин мугалими Нургазы Рысалиев ээ болду.

Ошондой эле сынакка катышкан мугалимдерге атайын наамдар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×