Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусу, Ош 05.04.2019 09:34 На русском

Ош шаарында 34 май куюучу жай өрт коопсуздук талаптарына жооп бербейт

Turmush -  Ош шаарында май куюучу жайлардын көпчүлүгү өрт коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматов Мамлекеттик экотехинспекциянын Ош шаардык аймактар аралык башкармалыгына шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында май куюучу жай өрттөнгөндөн кийин бардык май куюучу жайлар текшерүүгө алынган.

«Түштүк-Чыгыш кичи районундагы май куюучу жайда өрт чыккандан кийин, шаар мэри Таалайбек Сарыбашов май куюучу жайлардын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча шаардык экотехинспекцияга тапшырма берген. Азыр аталган башкармалык Экономика министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, май куюучу жайларды текшерүүгө алды. Шаардык экотехинспекциянын маалыматына караганда, шаардагы 44 май куюучу жайдын 34ү өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт экен», - деди А.Пирматов.

Ал эми Мамлекеттик экотехинспекциянын Ош шаардык аймактар аралык башкармалыгынын инспектору Асанбек Мамыраимовдун айтымында, мындай текшерүүлөр 2 жумага созулат.

«Май куюучу жайлар башка объекттерден 50 метр алыста жайгашуусу керек. Бирок май куюучу жайлардан кийин курулган объекттер да бар. Биз ушуга окшогон маселелердин баарын карап, пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзөбүз», - деди ал.

Буга чейин Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндөгү автоунаа жуучу жайдын артында мыйзамсыз түрдө май куюучу каражаттарды колдонуу менен күйүүчү май сатылып жаткандыгы аныкталган. Мыйзамсыз күйүүчү май сатылып жаткан унаа жуучу жай А.С. атуу жаранга тиешелүү экендиги белгилүү болгон. Ага байланыштуу А.С. жана башка жарандарга Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 211-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган (Мыйзамсыз ишкердик) кылмыштын белгилери боюнча жана Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча региондор аралык башкармалыгынын айрым кызматкерлерине дагы КРнын Жазык кодексинин 331-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган (Шалаакылык) кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жиберилди.
Turmush басылмасы 20-март күнү Ош шаарындагы Н.Исанов көчөсүндөгү турак үйдүн жанындагы май куюучу жайдан чыккан өрт чыккандыгы жөнүндө жазган. Кечки саат 20:15те башталган өрт 22:10до чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен 3 адам жабыркап, 2 бейтап Ош облустук бириккен клиникалык ооруканага жеткирилсе, 1 жаран Ош шаардык ооруканага жаткырылган. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын нөөмөттөгү хирургу Аятилло Умурзаковдун айтымында, саат 21:40 чамасында 2 жабырлануучу келип түшкөн. Бирөөсү 1960-жылы туулган. Бетинен 9-12-даражадагы күйүк алган. Ал эми экинчиси 1991-жылы туулган. Анын ичине жарылган цементтин калдыгы тийген.

Күбөлөрдүн айтымында, аталган жай «МАН» үлгүсүндөгү май ташуучу унаа май куюп кеткенден кийин жарылган жана ага жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн терезелери сынып кеткен. Өрт чыккан жерге Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов да барган.

«Мыйзамсыз иштеген май куюучу жайлар мыйзамдын негизинде каралып, талапка жооп бербегендер алынат. Шаар тургундарынан да кабар алабыз. Жардам керек болсо ар дайым даярбыз», - деген Т.Сарыбашов.

22-март күнү Ош шаарынын Гагарин жана Ы.Монуев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май куюучу жайлардын коопсуздугу текшерилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×