Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 01.04.2019 15:51 На русском

Келбей калган депутаттардын жыйналышы: Папандык жашоочулар акимдин көзүнчө чырдаштыбы? (видео)

Turmush -  30-март күнү Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов Папан айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолугушууга барган. Ошол учурда Папан айыл өкмөтүнүн убактылуу кызматынан бошотулган башчысы Эрмат Исмаилов менен ага нааразы болгон тараптардын ортосунда кайым айтышуу болду, деп жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Папан айыл өкмөтүнүн тургуну Гүлжамал Казиеванын айтымында, аларды чогулушка айыл өкмөттүн өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов жана Нурбек Алимбеков эл менен жолугушуу өткөрөт деп чакырышкан.

«Жогорку кеңештин депутаттары "И.Матраимов менен Н.Алимбеков эл менен жолугушууга келет" деп элди чогултушкан. Бирок алар келген жок. Бизге депутаттар Бишкектен учак учпай калып, келе албай калышыптыр деп айтышты. Эл менен жолугууга аким Тилек Матраимов, Кара-Суу районунун прокурору, айыл өкмөт башчысы кызматынан убактылуу бошотулган Эрмат Исмаилов келди. Жыйында Эрматты мактагандар болду. Анан анча-мынча кайым айтышуу, нааразычылыктар болду», - деди Г.Казиева.

Ал эми Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов чыр чыккандыгы боюнча маалымат чындыкка дал келбестигин, жыйналышта жер адисине гана суроо берип жаткан аял эмоцияга алдырып жибергенине токтолду.

«Эл менен жолукканы бардым. Жыйынды суроо-жооп иретинде өткөрдүк. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары келебиз дешип, бирок алар уча турган учак бузулуп калып, келе албай калышыптыр. Жыйынды өзүбүз өткөрдүк. Чогулушка тиешелүү органдардын өкүлдөрүн ала баргам. Элге жеринде жооп берели деп барганбыз. Жер маселеси боюнча жашоочу суроо берген. Ага Папандын жер адиси жооп берсе, ал аял чычалап кетти. Андан башка эч нерсе болгон жок. Жыйындын соңунда жай эле тараганбыз. Элдин арасында жер албай калгандар эмоцияга алдырып жиберишти окшойт. Мындан ары Папан айыл өкмөтүнүн ар бир айылындагы эл менен жолугушууга өзүм бармай болдум», - деди Т.Матраимов.

Буга чейин Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмат Исмаиловго жана анын жооптуу катчысы Радахан Самиевага мыйзамсыз жер сатуу боюнча кылмыш иши козголуп, ал иш Кара-Суу райондук сотуна өткөн. Райондук сот Э.Исмаиловду актап, жооптуу катчысына 100 миң сом айып пул салган. Кийинчерээк Ош облустук соту дагы Кара-Суу райондук сотунун өкүмүн эч өзгөртүүсүз күчүндө калтырган. Облустук соттун чечимине нааразы болгон тургундар жана алардын жактоочусу Айсалкын Карабаева Жогорку сотко арызданарын айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×