Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Баткен 01.04.2019 10:51 На русском

Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев кызматтан бошотулду

Халмурзаев Абиш Алыбаевич
Халмурзаев Абиш Алыбаевич

Turmush -  Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Халмурзаев Абиш Алыбаевич ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, аны кызматынан бошотуу тууралуу тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

А.Халмурзаев буга чейин Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп иштеген. 2016-жылдан тарта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×