Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусу, Нарын 29.03.2019 09:18

Нарында кургак учуктан сактануу боюнча флешмоб уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы борбордук аянтта 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата «Биз кургак учукка каршыбыз» аттуу флешмоб өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунан билдиришти.

«Нарын облусунун аймагында бул илдеттин алдын алуу боюнча бир айлык жарыяланган. Анын алкагында жер-жерлерде кургак учуктун алдын алуу, дарылануу жолдору боюнча лекциялар окулуп, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары сынактар уюштурулду. Райондордогу базарларга, эл көп чогулган жерлерге атайын флюорографиялык аппарат орнотулган автоунаа коюлуп, адамдарга бекер кеңештер берилип, маалыматтар айтылды. Ошондой эле аларды бекер флюорографиялык изилдөөдөн өткөрүштү», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Өткөн 2018-жылы облус боюнча кургак учукка кабылган 265 адам каттоого алынган. 2019-жылы бул илдет менен жабыркаган 195 адам табылган. Бүгүнкү иш-чаранын максаты — илдеттин алдын алуу жана аны жайылтпоо болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×