Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 28.03.2019 18:18 На русском

Туугандардын чыры: Өзгөндүк Л.Курбанов экс-мэр жана жергиликтүү депутаттарга чара көрүүнү өтүндү (сүрөт, видео)

Turmush -  Өзгөн шаарынын тургуну Лутфулло Курбанов бүгүн, 28-март күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Ал Өзгөн шаарынын экс-мэри Саипжан Пратов 18 сотых жерди аукционсуз эле шаардык кеңештин депутатына берип койгонун жана ал депутат 3 жылдан бери жердин акысын төлөбөй иштетип жатканын билдирди.

Анын айтымында, Өзгөн шаарынын экс-мэри С.Пратов 3 жыл мурун шаардык кеңештин депутаты Жолчубай Имияновго муниципалдык жерди аукционсуз 5 жылга ижарага берген.

«Саипжан Пратов менен аталарыбыз бир тууган. Бирок мен аны тууганым деп эсептебейм. Муниципалдык менчикте турган жерди шаардык кеңештин депутаты Жолчубай Имияновго 5 жылга балдар аянтчасы үчүн деп ижарага берген. Мен Ош облустук прокуратурага кайрылып, 571 миң сом өндүрткөм. Ал жер балдар аянтчасы эмес эле чайкана, ашкана болуп кеткен. Андан тышкары 2017-жылы экс-мэр С.Пратов шаардык кеңештин депутаттары менен биригип мени сабап кеткен. Өзгөн райондук Соттук-медициналык экспертиза бөлүмү дагы сабалган деген корутунду чыгарып берген. Кийин алар Оштон, Бишкектен экспертиза дайындап, сабалган эмес деген жыйынтык чыгартып алышкан. Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгы 234-берене менен (Бейбаштык) иш козгогон. Негизи аларга топ болуп сабаганы үчүн башка берене менен иш козгош керек болчу. Анткени алар 5 киши болгон. 2009-жылы шаардагы (Өзгөн) №7 Хамид Алимжанов атындагы мектеп-гимназиясынын от казаны сатылып кеткен. Азыр ал мектеп кышкысын жылыбайт. Бирок бул иш дагы каралган жок. Мен бул боюнча 3 жолу арыз менен укук коргоо органдарына кайрылгам. Бирок менин арызым сотко жетпей жатканы таң калыштуу болуп жатат. Урматтуу президент, Өзгөндөгү мыйзамсыз иштерге көңүл бурууңузду суранам. 18 сотых жер аукцион менен берилиши керек. Бул ишке катыштыгы бар депутаттар, экс-мэр мыйзам алдында жооп берсин», - деди Л.Курбанов.

Буга чейин, Өзгөн шаарынын экс-мэри Саипжан Пратов Л.Курбановдун айткандарын төгүндөгөн.

«Мен 2016-жылы Өзгөн шаарынын мэри болуп дайындалгам. Мектептин от казаны 2009-жылы сатылып жатса, менин бул окуяга кандай тиешем бар. Ал эми 18 сотых жер сатылган эмес. Биз шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте жерди 5 жылга Жолчубай Имияновго ижарага бергенбиз. Ал жер таштанды баскан жер болчу. Л.Курбановдун агасы буга чейин Өзгөн-Тынчтык паркында жетекчи болуп иштеген. Ага депутаттар ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, иштен четтетилген. Ошондон улам анын иниси Лутфилло бизге өчөшүп, интернеттен ар кандай пикирлерди таратып жатат. Айткандарынын баары жалган», - деген С.Пратов.

Ал эми №7 Хамид Алимжанов атындагы мектеп-гимназиясынын директору Гүлзада Кадырованын айтымында, учурда мектептин кичинекей от казаны бар. Ошонун жардамы менен класстар жылыйт. Аталган мектепте 551 окуучу билим алат.

Окуя тууралуу:

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 2017-жылдын 13-октябрында Өзгөн шаарынын Амир Темир көчөсүнүн №42 үйүнүн жашоочусу — 1977-жылы туулган Лутфулло Курбанов Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал ошол күнү саат 09:30 чамасында өзүнүн тууганы — 1975-жылы туулган Саипжан Пратов уруп, «Тойота Камри» үлгүсүндөгү автоунаасына отургузуп, Өзгөн районунун Рыбхоз участкасына алып барып, ал жактан М.А., М.К., Р.М. жана Д.А. менен бирге сабагандыгы тууралуу айткан. Тергөөчү өз учурунда денесине келтирилген жаракатты аныктоо боюнча жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Бирок жабырлануучу (Л.Курбанов) белгисиз себептерден улам соттук-медициналык экспертизанын кароосуна 2017-жылдын 3-ноябрында барган.

Өзгөн райондук Соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн 2017-жылдын 4-ноябрындагы №495 корутундусуна ылайык, Л.Курбанов жеңил жаракат алгандыгы аныкталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде (Бейбаштык, адамдардын тобу тарабынан) кылмыш иши козголгон. Бирок жабырлануучу соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна нааразы болуп, кайрадан экспертиза дайындалган. Бул иш республикалык соттук-медициналык экспертизага чейин жетип, жеңил жаракат алгандыгы аныкталган. Бирок ал жаракатты качан алгандыгын аныктоо мүмкүн эмес экендиги айтылган.

Л.Курбанов жана анын жактоочусу А.Т.Исраилов соттук-медициналык экспертизанын корутундулары менен таанышып, алардын жыйынтыктарына макул эместигин билдиришкен. Жактоочу А.Т.Исраилов Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда медицина илимдеринин доктору, профессор М.Ш.Мукашевдин катышуусунда кайрадан комиссиондук экспертиза жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын өтүнүчү канааттандырылып, кылмыш иши Республикалык СМЭ борборуна жиберилген.

Учурда ал борбордун корутундусу даяр боло электигине байланыштуу аталган жагдай боюнча туура юридикалык баа берүүгө мүмкүн болбой, тергөө иши убактылуу токтоп турат.

Буга чейин Turmush басылмасы Өзгөн шаарынын мэри Саипжан Пратов кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазганын билдирген. Ага 2017-жылдын июль айында 1 сотых жерди мыйзамсыз саткандыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Андан кийин мэрликтен убактылуу бошотулган.

Лутфулло Курбанов 25-март күнү Бишкек шаарында АКИпресс маалымат агенттигинде маалымат жыйын өткөрүп, Өзгөн шаарындагы 18 сотых жер жана мектептин от казаны сатылып кеткендигин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×