Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ош облусу, Ош 27.03.2019 12:04

Ошто мамлекеттик резиденциядагы 2 кабаттуу үй капиталдык оңдоодон өтөт

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарындагы мамлекеттик резиденциядагы 2 кабаттуу үйдө капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шумкарбек Пайзиев тастыктады.

Кечээ, 26-март күнү мамлекеттик сатып алуулар сайтында Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы аталган үйдү капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн тендер жарыялаган. Тендердин учурдагы баасы 5 млн 116 миң сомду түзөт. Билдирмелерди кабыл алуу 17-апрелге чейин уланат.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, шаардагы мамлекеттик резиденциядагы 2 кабаттуу үй көп жылдардан бери кароосуз калган. Ал толугу менен оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Аталган үй Ош шаардык капиталдык башкармалыгы тарабынан мэрияга пайдаланууга берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×