Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 26.03.2019 13:24

Ошто өткөн жылы 13,2 млн сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды, - шаардык прокуратура

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаардык прокуратурасы 2018-жылы мэриянын жер тилкелери боюнча чыгарган токтомдорун жокко чыгаруу тууралуу 12 доо арызды караган. Бул тууралуу Ош шаардык прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылы жер мыйзамдарынын бузулгандыгы боюнча 48 факты аныкталып, мыйзамсыз түрдө чыккан 2 укуктук акты жокко чыгарылган. Ошондой эле 3 кызматкер тартиптик жана 1 кызмат адамы административдик жазага тартылган. 13 млн 222 миң 400 сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылган. Жалпысынан 6 кылмыш иши козголгон.

Ош шаардык мэриясы тарабынан К.Каримова аттуу жаранга 2007-жылдын 19-октябрында Ош шаарынын Алымбек датка кичи районунун Масалиев жана Ашимахунова көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 485 метр чарчы жер жеке менчикке берилген. Бирок К.Каримовага берилген жер мамлекеттик актыда №22 мектепке катталгандыгына байланыштуу аталган жер мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгендиги аныкталган. Ош шаардык мэриясынын жана мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлерине карата юридикалык баа берилип, учурда мэриянын мыйзамсыз чыгарылган токтомун, келишимин жана жеке менчик жөнүндө мамлекеттик актысын жокко чыгаруу боюнча доо арыз Ош облусунун райондор аралык соту тарабынан каралууда.

Андан тышкары Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги суу корук зонасына катталган жер тилкелери жана курулуштары боюнча текшерүүлөр жүрүп, жалпысынан 720 кыймылсыз мүлк аныкталган. Алардын ичинен 55 жер тилкеси мамлекеттик менчикте, 119 жер тилкеси муниципалдык менчикте жана 546 жер тилкеси жеке менчикте каттоодо турат. Мыйзам бузууларды четтетүү менен суу фондунун жерлерин мамлекетке кайтаруу үчүн мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелери боюнча токтомдорду, мамлекеттик актыларды, келишимдерди жокко чыгаруу боюнча 23 доо арыз каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×