Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 25.03.2019 12:43

Ат-Башыда медиктер тургундардын өпкөсүн бекер текшеришти (сүрөт)

Turmush -  24-март — Кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борбору көчмө флюорография аппараты менен чоң базарга чыгышты. Анда 200дөн ашуун адам өпкөсүн бекер текшертүүгө жетишкен, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аталган борбордун маалыматына караганда, 2019-жылдын 3 айында 7 адам кургак учук менен катталган.

Ал эми 2018-жылдын 12 айында 30 адам аталган оору менен каттоого турган. Анын ичинде 4 бала, 26 чоң адам бар. Ал эми 53 адам диспансердик каттоодо турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×