Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 20.03.2019 17:23 На русском

«2 алган баладай болуп»: Премьер-министр акимдердин жумушун сынга алды (видео)

Turmush -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20 мартта Ош шаарындагы жыйында акимдердин ишин сынга алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ошондой эле премьер-министр өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин баяндамасын укту.

«Мөндүр алып кетти, жамгыр жаады деген шылтоолор болбосун. Акимдер, быйыл ишиңер бааланат. Үлгү боло турган 3-4 чарба, 3-4 кайра иштетүүчү цех даярдагыла. Ал силердин милдетиңер. Импорттолгон продукцияларды жесек эл жумушсуз калат. Өзгөндүн, Аравандын эли жумушсуз калат. Өзбекстан ушундай темп менен өнүксө, биздин жерди айдаган киши киреше калбай калат. Ыйгарым укук бергиле дейсиңер, анан эки алган баладай болуп отурасыңар», - деди премьер-министр өз сөзүндө.

Премьер-министр Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жыйындар залында облустун акимдери менен жыйын курду. Ага Айыл чарба министри Нурбек Мурашев дагы катышып жатат. Жыйын айыл чарба маселелерин кароого арналган. Анын алкагында министр Н.Мурашев баяндама жасады.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×