Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусуНоокат району 20.03.2019 16:18 На русском

Тамак-аштын 369 түрү: Ноокатта Нооруз майрамына карата мекемелер арасында сынак өтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 20-мартта Ош облусунун Ноокат шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленип жатат. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясынан билдиришти.

Майрамга карата шаардык мамлекеттик мекемелер өз ара сынак уюштурушуп, анын алкагында салтанат ар кайсы мекемеде ирети менен уланып жатат. Иш-чарада сүмөлөк кайнатылып, боз үйлөр тигилип, концерттик программалар уюштурулган. Ага Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев, Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нуридинов баш болгон мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышып жатат. Ошондой эле сүрөт көргөзмөсү, тамак-аш жармаңкеси жана улуттук спорт оюндары уюштурулган.

Ноокат аймактык ооруканасы майрамга карата улуттук тамак-аштын 369 түрүн даярдаган. Андан тышкары терапия, кардиология, неврология жана медициналык реабилитация бөлүмдөрү биргелешип сүмөлөк жасашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында спорттук оюндарда жеңүүчү аталган спортчуларга жана салтанаттын мыкты катышуучуларына мэрия тарабынан баалуу белектер ыйгарылат. Салтанат 2 күнгө созулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×