Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусу, Нарын 19.03.2019 09:10

Кургак учукка каршы күрөшүү: Нарында базарчылар текшерүүдөн өтүштү (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы борбордук базарда 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата «Биз кургак учукка каршыбыз!» аттуу акция өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун бөлүм башчысы Нуралы уулу Нурсалам билдирди.

Нарын облусунда бул илдеттин алдын алуу боюнча бир айлык жарыяланган. Анын алкагында борбордон атайын бөлүнгөн адистер мекеме-ишканаларда, билим берүү мекемелеринде болушуп, кургак учуктун алдын алуу, дарылануу жолдору боюнча лекцияларды окушкан.

Борбордук базарга атайын флюорография аппарат орнотулган автоунаа коюлуп, базарда иштегендерге жана анын аймагында жүргөн адамдарга бекер кеңештер берилип, маалыматтар айтылды. Мындан сырткары аларды бекер флюорографиялык изилдөөдөн өткөрүштү. Ошондой эле атайын баракчаларды таркатышты.

Өткөн 2018-жылы облус боюнча кургак учукка кабылган 265 адам каттоого алынган. 2019-жылы бул илдет менен жабыркаган 195 адам табылган. Акциянын максаты — илдеттин алдын алуу жана аны жайылтпоо болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×