Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусуБаткен району 17.03.2019 10:59 На русском

Ак-Сай—Тамдык жолунун курулушу боюнча тажик тараптын нааразычылыгы негизсиз, - акимдин орун басары

Turmush -  Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чырга себеп болгон жолдун курулушу эки тараптуу келишимдин негизинде башталган. Андыктан тажик тараптын нааразычылыгына негиз жок. Бул тууралуу Баткен районунун акиминин орун басары Таалайбек Ибраимов билдирди.

Анын айтымында, Ак-Сай—Тамдык жолу 5 жыл мурун Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде курулуп жаткан.

«1958-1989-жылдардагы картада жол курулуп жаткан аймак Кыргызстанга таандык экендиги көрсөтүлгөн. Бул жол аркылуу Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Рават айылдарынын тургундары Кишемиш жайлоосуна катташат. Ак-Сай—Тамдык жолу 2014-жылы түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде курулууда жана 25 чакырымды түзгөн бул жол шарттуу түрдө чек ара сызыгынын эң жакын деген жеринен 300 метр алыста жайгашкан. Жолдун алгачкы долбооруна Тажикстан тараптан нааразычылык жаралганда, жолду Кыргызстандын аймагына киргизгенбиз. Ага карабай бүгүнкү күндө Тажикстан тараптан курулушка каршы нааразычылыктар жаралып жатат. Албетте чек арага жакын, такталбаган аймакка курулуш иштерин жүргүзүүгө болбойт. Ал келишимде каралган. Ошондой эле Тажикстандын Ворух айылына дагы көз карандысыз жол куруу үчүн келишим болгон. Учурда жолдун 17 чакырымы тегизделип, жол салынды», - дейт акимдин орун басары.

Жыл сайын жаз мезгилинин алдында малдарды жайлоого айдоо учурунда кыргызстандык жергиликтүү тургундар Тажикстандын Ворух айылын аралап өтүшкөндүктөн, тажик тургундары тарабынан тоскоолдуктар болуп турган. Ошондуктан жергиликтүү жашоочулар көз карандысыз жолдун курулушун талап кылышууда.

«Биз жыл сайын Кишемиш жайлоосуна Ворух айылын аралап мал айдап өтөбүз. Кээде малыбызды өткөрбөй коюшат. Ошондуктан көз карандысыз Ак-Сай—Тамдык жолунун курулушуна муктажбыз», - дейт Ак-Сай айылынын тургуну Ысмайыл Акматбеков.

Ак-Сай айылында 2000 тургун жашайт. Ал эми тажик айылы Ворухта 40 миңге жакын жашоочу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×