Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
16.03.2019 15:09

Нарын облусуна инвестиция тартуу үчүн элчилерге арналган форум өттү (сүрөт)

Turmush -  Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облуска инвестиция тартуу максатында элчилердин катышуусунда форум өткөрдү. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн аймактык кабарчыга билдиришти.

Нарын облусунун инвестициялык деңгээлин чагылдырган жана чет элдик кызыктар тараптарды кызматташууга чакырган «Теңир-Тоо» аталышындагы форум 15-март күнү Бишкек шаарында уюштурулган. Форумда кайсы багыттарда инвестиция тартууга боло тургандыгы жөнүндө маалыматтар берилди.

Иш-чарага чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери, дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү чакырылган жана Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов аларга өзүнүн кайрылуусун жасады. Ал Нарын облусунун экономикасын өнүктүрүү үчүн инвесторлор жана ишкерлерге жагымдуу шарт түзүп берүү керектигин белгилеп, конокторду ийгиликтүү тажрыйбалар менен бөлүшүүгө, жергиликтүү бийлик менен кызматташууга чакырды.

Форумга катышкан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Нарын облусунда ишке ашырыла турчу айрым экономикалык долбоорлорго токтолуп, логистикалык борбор, эт комбинатын куруу жана көмүр брикеттерин чыгаруучу ишкана ачуу пландалып жатканын маалымдады. Ошондой эле логистикалык борборлор аркылуу товарды экспорттоо, эт азыгын жана электр энергиясын сатуу каралып жаткандыгын билдирди.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, форумга 37 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×